КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Лаборатория проблем социально-гуманитарной образовательной области

2017-жылдагы академиядагы кайра куруудан кийин социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын проблемалары лабораториясы деп аталып, лабораториянын миссиясында айрым өзгөрүүлөр болду.

Лабораториянын негизги максаты: тарыхый-коом таануучулук (жарандык), дин таануучулук, аймак-таануучулук, географиялык билим берүүнүн мазмунун калыптандыруу жана анын сапатын жогорулатуу, окуу-тарбиялоо процессинин жана илимий-методикалык иштелмелердин сапатын жогорулатууга көмөктөшүү, окутуунун жаңы технологияларына өтүүнү методикалык жактан камсыз кылуу, социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын проблемалары боюнча илимий-теориялык изилдөөлөргө жүргүзүү жана катышуу.

Лабораторияда 6 штаттык бирдик бар: 5 илимий кызматкер, 1 ага лаборант. Атайын иштелип чыккан лаборатория жөнүндө жобо боюнча ээлеген кызматына жана адистешкен предметине ылайык ар бир кызматкердин функционалдык милдеттери аныкталган.

Лабораториянын илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүндө негизинен жалпы орто билим берүүнүн мектептин окуу планын талдап чыгып, тарыхый-коом таануучулук (жарандык), дин таануучулук, аймак-таануучулук, географиялык билим берүүнүн мазмунун аныктоо, учурдун талабына ылайык тиешелүү предметтер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайрадан карап чыгып, зарыл болгон оңдоп түзүүлөрдү киргизүү, билим берүү стандарттарына ылайык окуу программаларын олуттуу жаңылоо жана заманбап окутуу технологияларын иштеп чыгуу каралган.

Кыргыз Республикасынын президентинин жарыялаган “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”жылына караштуу республиканын аймактарындагы мектептердин мугалимдери менен жакындан байланышып, аларда окуу-тарбия процессин уюштуруудагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо, талкулоо жана зарыл болгон методикалык жардамдарды берүү максатын көздөгөн Кыргыз билим берүү академиясынын демилгеси менен уюшулган “Билим кербени” иш чарасына активдүү катышып, кезектеги аткарылуучу милдеттер айкындалды.

2019-жылы Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, “ММКдарды колдоо борбору” менен бирдикте “Кыргыз Республикасында медиасабаттуулуктун элементтери бар билим берүү системасын өнүктүрүү Концепциясынын” долбоору иштелип чыкты. Ошондой эле, 5-класстар үчүн “Адам жана коом” курсу боюнча электрондук окуу китебинин базалык платформасы иштелүүдө. Бул базалык платформа, келечекте “Адам жана коом” курсу, тарых предмети жана башка предметтер боюнча электрондук окуу китептерин түзүүгө база боло алат.

Жогоруда жасалып жаткан иштер, 2019-жылдын 23-майында Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, “ММКдарды колдоо борбору” менен бирдикте, «Цифровизация – приоритетное направление в реформировании и развитии образовательной среды Кыргызской Республике» темасындагы тегерек столду өткөрүүгө салым кошту.

Республикалык “ММКдарды колдоо борбору” фонду жана Эл аралык уюмдар (Георг Эккерт институту (ФРГ), ЮСАИД, ОБСЕ, ООН, Евразия фонду, Таалим-Форум, Кемп-Ала-Тоо ж.б.) менен лабораториянын байланыштары жакшы жолго коюлган десек болот.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен орто мектептерде дин маданиятынын тарыхы курсунун стандартынын, окуу программасынын жана окуу китебинин долбоору иштелип чыгып, сынактан өтүп жатат.

Ал эми 2018-2020-жылдар үчүн түзүлгөн перспективалык план боюнча лабораториянын илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү «2018-2040-жылдардагы Кыргыз Республикасынын улуттук өнүгүү стратегиясына жана дүйнөлүк билим берүү системасы менен жуурулуштуруу максатында тарых боюнча жаңы окуу программаларын цивилизациялык мамиленин жана ПИЗА программасынын критерийлерине ылайык өркүндөтүү» деген тема боюнча жүргүзүлүп жатат.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги окутуу процессин жакшыртуу максатында лабораторияда Тарых, Адам жана коом жана География предметтери боюнча программалар, календардык-тематикалык пландар, мугалимдер үчүн методикалык иштелмелер, окуучулар үчүн окуу колдонмо жана колдонмо дептерлер иштелип чыккан. 

Лаборатория башчысы Иманкулов М.К.

 п.и.к., доцент  лаборатория башчысы. Кыргыздын педагог жана тарыхчы илимпозу. –  imankulovm@mail.ru

 

 

 

 

 

 

 

Ага илимий кызматкер Козубаева Б.У.- Адам жана коом боюнча адис.- uvaydullaevna80_22@mail.ru

 

 

 

 

Ага илимий кызматкер Кыргызстан тарыхы боюнча адис.- kaskkarovkuban@gmail.com

Суроолор жана сын-сунуштарды берүү үчүн лаборатория менен байланыш телефону: 62-23-59  

 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial