КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Лаборатория проблем технологической области, искусства и культуры здоровья

Лабораториянын түзүмү

Технология, искусство жана ден соолук маданияты тармактарынын проблемалары лабораториясы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 30-мартында №363/1  буйругуна ылайык түзүлгөн.

Лаборатория ишмердүүлүгүн Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) Уставына, КРнын Билим берүү жөнүндөгү Мыйзамына жана жалпы билим берүүчү мектептердин Мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык жүргүзөт.

Лабораториянын негизги максаты: окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы жана профилдик билим берүүчү мектептерде, лицейлерде жана гимназияларда информатика, кыргыз адабият, дүйнөлүк адабият, манастаануу, көркөм өнөр, технология, музыка жана дене тарбия предметтери боюнча билим берүүнүн мазмунун калыптандыруу жана анын сапатын жогорулатуу, окуу-тарбиялоо процессинин жана илимий-методикалык иштелмелердин сапатын жогорулатууга көмөктөшүү, окутуунун жаңы технологияларына өтүүнү методикалык жактан камсыз кылуу, тарамдын проблемалары боюнча илимий-теориялык изилдөөлөргө катышуу.

            Лабораториянын функциялары:

  • Технология, искусство жана ден соолук маданияты билим берүү тармактарынын проблемалары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • Аталган тармактагы предметтерди окутуунун жаңы принциптерин жана технологияларын киргизүүнү илимий-методикалык жактан негиздөө;
  • Жогорудагы предметтер боюнча окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоо, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгууга, окуу процессине киргизүүгө, аларды эксперттик-аналитикалык жактан сынактан өткөрүүгө катышуу;
  • Жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин даярдоодогу жана аларды окуу процессине киргизүүдөгү редакциялык-басма иштерине катышуу.

                Лабораториянын негизги иш багыттары:

            – окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим
берүүчү жана профилдик мектептерде, гимназияларда жана лицейлерде информатика, кыргыз адабият, дүйнөлүк адабият, манастаануу, көркөм өнөр, технология, музыка жана дене тарбия предметтерин окутуп-үйрөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

– аталган предметтер боюнча билим берүүнүн мазмунун жөнгө салуу,  мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу планын, окуу программаларын түзүү;

– жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин сунуш кылынган кол жазмаларынын бекитилген мамлекеттик стандартка жана программаларга, билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук документтерине шайкештигин аныктоо максатында мазмунуна анализ жүргүзүүгө, эксперизадан өткөрүүгө, сапатын аныктоого катышуу;

– дүйнөлүк педагогикалык илимдеги жаңылыктарды, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү, жалпылоо, жалпыга жайылтуу;

– лабораторияга караштуу окуу предметтери боюнча окуу китептерди, окуу-усулдук адабияттарды, дидактикалык материалдарды иштеп чыгууга катышуу жана аны практикада сыноодон өткөрүү;

– мектептин мугалимдерине илимий-методикалык жана практикалык жактан системалуу түрдө жардам берип туруу;

– мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча мазмундуу семинарларды өткөрүп туруу;

– республикада технологиялык, искусство жана ден соолук маданияты тарамдары боюнча бирдиктүү билимге ээ болуу саясатынын жүргүзүлүшүнө сунуштарды иштеп чыгуу;

– аталган предметтерди мектептерде окутуунун мезгил
талабына жараша алгылыктуу милдеттерин аныктап, анын аткарылышына көзөмөл кылып туруу;

– жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин даярдоодогу жана аларды окуу процессине киргизүүдөгү редакциялык-басма иштерине катышуу;

– билим берүү жана илим министрилиги тарабынан келип түшкөн аталган предметтерге тиешелүү көрсөтмөлөрдүн, тапшырмалардын аткарылышына өз убагында жооп кылуу;

– экзамендик жана олимпиадалык материалдарды даярдоо, мугалимдердин август кеңешмелерине карата сунуштарды  иштеп чыгуу;

– шаардык, райондук билим берүү мекемелери, эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып баруу, алардын тажрыйбаларын үйрөнүү.

                Лаборатория төмөндөгүдөй курамдан турат:

  1. Лабораториянын башчысы, илимдин кандидаты.
  2. Адабият боюнча (ГНС)
  3. Көркөм өнөр, Технология боюнча (СНС).
  4. Музыка боюнча (НС).
  5. Дене тарбия боюнча (СНС).
  6. Манас таануу (НС)
  7. Ага лаборант.

 Лабораториянын башчысы


Ибирайым кызы Айжан педагогика илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер. КР жалпы билим берүү мекемелеринин Информатика предметинин мазмунун тейлөөчү адис. ika379@mail.ru

Лабораториянын башкы илимий кызматкери

 Байгазиев Советбек Орозканович Филология  илимдеринин доктору, профессор. КР жалпы билим берүү мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын Адабият жана Манас таануу предметинин мазмунун тейлөөчү адис.

 Лабораториянын улук илимий кызматкери

Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич музыка таануучу, КР жалпы билим берүү мекемелеринин Музыка предметинин мазмунун тейлөөчү адис. jumabek.djs@mail.ru

 Лабораториянын илимий кызматкери

 Мурзалиева Зина Кочековна педагогика илимдеринин кандидаты, Манас таануу боюнча адис. murzalieva.51@gmail.com

 Лабораториянын ага илимий кызматкери

Акматов Дамирбек Абыласанович КР жалпы билим берүү мекемелеринин Көркөм өнөр, Технология предметтеринин мазмунун тейлөөчү адис. damirakmatov@mail.ru

Суроолорду жана сунуш-пикирлерди берүү үчүн лаборатория менен байланыш телефону: 62-23-73, 66-52-25., 20-21-кабинеттер.

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial