КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Мамлекеттик  тил  жана   көптилдүү  билим  берүү лабораториясы

Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик тил жана көп тилдүү билим берүү лабораториясы, 1951-жылдан бери  ар бир предмет, т.а. кыргыз тили, адабияты, орус тили, адабияты жана чет тилдери өз алдынча сектор катары иштеп келсе, соңку жылдардан тартып бир  лабораторияга биригип, бир багытта, республикада тилдерди үйрөтүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу багытында   изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат.

Анын негизги максаты: окуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептеринде аталган тилдерди окутууну окуу-нормативдик адабияттары менен жабдуу жана  аны илимий-методикалык жактан талаптагыдай камсыз кылуу болуп саналат.

Ошону менен катар, аталган лаборатория окутуунун концептуалдык багыттарын аныктоо, тактап айтканда, окуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде тилдерди бүгүнкү талаптарга ылайык үйрөтүүнүн концепцияларын, предметтик стандартары менен окуу программаларын жана  окутуунун методикасын иштеп чыгуу, алардын методологиялык негиздерин аныктоо менен жашап келет. 

Аталган лабораториянын тарыхы бай, анткени бул  жерде кыргыз тили менен адабиятын, орус тилин жана адабиятын  окутуу методикасы боюнча  нар көтөргүс иштерди аткарып, элибиздин тарыхынан ысмы бекем орун алган бир катар инсандар, илимдин докторлору, профессорлор иштешкен жана лабораториянын негизин түптөшкөн. Алар: белгилүү окумуштуу, адабиятчы Т.Саманчин, профессорлор Б.Алымов, Б.Өмүралиев, Л.Шейман, В.Г. жана Н.Г.Каменецкаялар ж.б. Алар   өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып соңку жылдарга чейин тилдерди жана адабиятты Кыргызстандын мектептеринде талаптагыдай окутуу боюнча окуу программаларын, окуу китептери  менен окутуу методикаларын иштеп  чыгып, бүгүнкү күнгө үлгү болорлук эмгектерин  өтөштү.

Атап айтсак, Т.Саманчиндин «Макалдан «Манаска чейин», Б.Алымовдун  «Мектеп сочинениеси», «Шакиртиме кат» жана 7,9-класстардын «Кыргыз адабияты» окуу китептери,  Б.Өмүралиевдин «Кыргыз тилинин синтаксисин окутуунун методикасы» менен 5,8-9-класстардын «Кыргыз тили» окуу китептери, Л.Шеймандын 11-класстын «Орус адабияты» жана  «Орус тили адабияты окуу китептерин түзүүнүн үлгү талаптары»  аттуу эмгектери улуттук педагогика илимибиздин  казынасын ар качан  толуктап турары анык.

Азыркы учурда аталган лабораторияда 5 адам туруктуу иштеп жатат. Эки адис, чет тилдери жана көп тилде билим берүү проблемасы боюнча, декреттик отпускада.

  

Лаборатоиянын кызматкерлери

БАТЫРКУЛОВА АЙГУЛ БЕКМУРЗАЕВНА

Мамлекеттик тил жана көп тилдүү билим берүү бөлүмүнүн башчисы, п.и.к

 

 

 

 


 

Рысбаев Сулайман Казыбаевич

Пед. илиминин  доктору, профессор, 

И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору,

Москвадагы Эл аралык  Социалдык-педагогикалык илимдер академиясынын анык мүчөсү (академик),  Кыргыз-Өзбек университетинин профессору, Баткен университетинин ардактуу профессору, Жалал-Абад университетинин ардактуу профессору, Манас ата академиясынын академиги, КББАнын корреспондент –мүчөсү.

Электрондук почта: rsulayman@mail.ru

 

Иманкулова Макиль Токтогуловна

Занимаемая должность: старший научный сотрудник лаборатории государственного языка и многоязычного образования Кыргызской академии образования.

Электронная почта: мakil_kao@mail.ru

Область исследования: Формирование коммуникативно-речевой компетенции младших школьников в процессе работы над текстом.

  

Алмурзаева Саадат Акматбековна

Занимаемая должность: старший научный сотрудник лаборатории государственного языка и многоязычного образования Кыргызской академии образования.

Область исследования: «Научно-методические основы разработки учебных материалов по русскому языку для учащихся 2-3 классов в школах с кыргызским языком обучения (с элементами  PISA)»

Электронная почта: Saadat.06@mail.ru


 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial