КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ЖАНА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим  берүү лабораториясы элге билим берүү саясатынын учурдагы  өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жалпы билим берүүнүн теориясы, окуу-тарбия иштеринин  актуалдуу проблемаларын изилдеп, соңку жылдардан тартып  компетенттик негизде жаңы стандарттар, программалар жана окуу-методикалык колдонмолорду жаңылоо боюнча мамлекетибиздин  бирдиктүү билим берүү саясатын иштеп чыгуу багытында   изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат.

Анын негизги максаты: мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүү, тарбиялоо жана өркүндөтүү жаатында илимий изилдөөлөрдү өткөрүү, бул жаатта окуу-ченемдик негиздерди аныктоо, мектепке чейинки жана башталгыч мектепте окутууну илимий-методикалык жактан жабдуу, окуу-усулдук комплекстерди экзпертизадан өткөрүү, аларды басмага даярдоо иштерин уюштуруу жана активдүү катышуу; бул багытта жаңы технологияларды жайылтуу болуп саналат.

Лабораториянын негизги функцияларына төмөнкүлөр кирет:

-мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана башталгыч мектепте педагогикалык илим тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү;

– мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана башталгыч мектепте окутуп-тарбиялоонун мазмунун  илимий негизде жөнгө салуу, билим берүү концепциясын, стандарттарын, базистик окуу планын, окуу программаларын түзүү жана аларды расмий бекитүү;

-мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана башталгыч мектепте билим берүүнүн жана тарбиялоонун, ошондой эле бул чөйрөдө мектептен тышкаркы билим берүүнүн жаңы принциптерин жана технологияларын камсыздоо жана жайылтуу боюнча илимий-методикалык иш жүргүзүү;

– мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана башталгыч мектепте окутуу процессин жаңылоону окуу-методикалык жактан камсыздоо, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга жана апровация процессин эксперттик-аналитикалык камсыздоого катышуу;

– мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана башталгыч мектепте жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга жана аларды практикага киргизүү процессинметодикалык жактан камсыздоо боюнча редакциялык басма иштерине катышуу.

Лабораториянын тарыхы бай, анткени бул  лабораториянын башатында билим берүүдө өз орду бар,  мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч мектепте билим берүүгө бүт өмүрүн арнаган, өрнөктүү окуу-методикалык колдонмолорун үлгү катары калтырган,  белгилүү окумуштуу, педагогдор  турган.  Алар  белгилүү окумуштуу, педагогдор:  Султан Турусбеков,  Бурул Рыспекова, профессор  Каратай Сартбаев,  илимдин кандидаттары: Нуржамал Ибраева, Ксенья Степановна Тюрина,  Жамила Эгембердиева ж.б.

        Учурда жогоруда  аталган  белгилүү окумуштуу, педагогдордун жолун улап, лабораторияда 4 илимий кызматкер: эки адис башталгыч мектепте билим берүү проблемасы боюнча, эки адис мектепке чейинки билим берүү боюнча  эмгектенишет.

Окуу-усулдук материалдар / Учебно-методические материалы

Лабораториянын кызматкерлери

Токтомаметов Алмаз Даткабекович

 

Ээлеген кызматы: Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим  берүү лабораториясынын жетектөчү кызматкери.

Илимий даражасы: педагогика илиминин кандидаты.

 

Электрондук почта:  tad63@rambler.ru

Аттокурова Чынар Амановна

 

Ээлеген кызматы: Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим  берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери

 

Электрондук почта:  chynar_attokurova@mail.ru

Толобекова Зарема Шаршенкуловна

 

Занимаемая должность:  научный сотрудник лаборатории дошкольного и начального школьного образования Кыргызской академии образования.

Электронная почтаtzema@yandex.ru

 

Область исследования: Предшкольная подготовка детей к школе.

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial