2019-жылдын 23-майында КББАда «КББАнын кабарлары» илимий журналы боюнча маалымат жана сунуш берүү максатында жыйын өттү. Жыйындын негизги максаты – журналдын сапатын жогорулатуу. Журналдын башкы редактору, профессор А. Мамытов журнал жөнүндө кеңири маалымат берип, жетишкен ийгиликтер менен бирге жаңы пайда болгон көйгөйлөрдү атады. Жыйындын катышуучулары аталган көйгөйлөрдү талкууга алышып, журналдын рейтинг баллын дагы жогорулатуу үчүн керектүү сунуш-пикирлерин айтышты.