Жакында Бишкек шаарында КРнын Мамлекеттик тил Мыйзамынын 30 жылдыгына арналган «Сабаттуу бол!» аттуу акция болуп өттү. Акция «тоталдык диктант» формасында болду.
Акцияга республика боюнча 41783 адам катышты. Алардын ичинде: студенттер, мугалимдер, врачтар, кызмат адамдары бар.
Мен диктантты текшерүү комиссиясынын мүчөсү катары катыштым.
Бүгүн 24-майда Улуттук китепканада акцияда сабаттуу жазгандарды сыйлоо жыйыны болуп өттү.
Жалпы жыйынтыгында, алган баалар мындай болду (республика боюнча):
«5» алгандар- 10993 адам;
«4» алгандар-19736 адам;
«3» алгандар-8883 адам;
«2» алгандар- 21185 адам.
Акцияга Бишкек шаарынан 1100 адам катышты. Анын ичинен: 63 адам – «5», 230 адам-«4», 314 адам- «3», 463 адам- «2», 26 адам –«1» деген бааалган. 18 адам интернеттен көчүрүп, 0 деген баа коюлду.
Бул акция мындар ары жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.
Акциянын шартына жараша- ар бир катышуучу эркин, өз каалоосу менен катышат. Катышуучунун аты-жөнү белгисиз болуп, номер алуу менен кирет, жыйынтыгы жабык-жашыруун болот. Кызыккан ар бир адам өзүнүн номерине ылайык канча баа алганын интернеттен билип алса болот.
Келгиле, ар бирибиз өзүбүздүн сабаттуулугубузду билип алалы!
Рысбаев С.
24-май, 2019-ж.