КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

«Бекбоев окуулары-2019, Жалал-Абад»

Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  КРнын Эл мугалими, профессор  Исак Бекбоевдин 90 жылдыгына арналган  «Бекбоевдик окуулар-2019 алкагында: Коомду санариптештирүү шартында билим берүү» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.  Конференцияга   Кыргыз билим берүү  академиясынан  алты  илимий кызматкер: профессор С.Рысбаев, доценттер Б.Мурзаибраимова, Б.Абдухамидова, Г.Карагозуева, Б.Жакышова, Э.Супатаевалар барып катышып келди.

С.Рысбаев пленардык отурумда «Кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап технологиялары» аттуу темада баяндама жасады.

Секцияларда:

Г.Карагозуева: «Математик мугалимдеринин компетенттүүлүгүн калыптандыруу»;

Б.Абдухамидова: «Башталгыч мектепте окуучуларды окуганын түшүнүүгө үйрөтүүнүн жолдору»;

Б.Жакышева: «Химияны окутууда компетенттик мамилени ишке ашыруу»;

Б.Мурзаибраимова «Физика, астрономия жана табияттаануу предметтерин жаңы предметтик стандарттын негизинде окутууну уюштуруу;

Э.Супатаева: «Профилизация школы Кыргызстана в  условиях цифровизации» аттуу темаларда баяндама жасашты.

Конференциянын жыйынтыгында үндөө кабыл алынды.

Анда:

-2019-жылы И.Бекбаевдин 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө;

– И.Бекбоевдин Математика окуу китептерин компетенттик негизде толуктап иштеп чыгуу;

-Кыргызстандын ар бир ЖОЖдорунда  профессор И.Бекбоевдин кабинетин уюштуруу;

-И.Бекбоев атындагы республикалык сыйлык уюштуруу ж.б. белгиленди.

С.Рысбаев

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial