КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Поздравляем доктора педагогических наук, профессора Добаева Кыргызбай Душенбековича с 65-летием!

Урматтуу Кыргызбай Дүшенбекович!

 

Кыргыз билим берүү академиясы Сиздин 65 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайт! Бул өткөн жолду талдап, жетишкендиктер менен бөлүшүүгө убакыт жеткен кутман курак.

Башынан эле ушул кесипке кызыгуу Москвадагы В.И. Ленин атындагы педагогикалык институттун филология факультетин аяктап, тил боюнча адистикти тандоо менен аныкталган.

1980-жылдарда Пржевальск педагогикалык институтунда окутуучу болуп иш жолуңузду баштап, билимиңиз өркүндөп, өсүп, 1985-1987-жылдары СССРдин педагогикалык Илимдер академиясынын аспиранты болуп, аны кандидаттык диссертацияны жактоо менен ийгиликтүү аяктадыңыз. Мунун үзүрү болуп, К.Тыныстанов атындагы ЫМУда кафедра башчысы, кийин филология факультетинин деканы болуп үзүрлүү эмгектендиңиз. Илимий изилдөө иштерин улантуу үчүн М.Ломоносов атындагы университеттин докторанты болуу менен педагогика илимдери боюнча докторлук диссертацияны жактадыңыз. Ушул жылдары, Сиздин талыкпас, жемиштүү жана эффективдүү илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүңүз жогору бааланып, профессор наамы ыйгарылган.

Чыныгы кесипкөй катары, Сиз илимий-педагогикалык ишти административдик-башкаруучулук ишмердүүлүк менен  айкалыштырып,  окуу жайлардын бир топ баскычтарын өттүңүз. 2000-жылдан тартып Ж.Баласагын атындагы КМУнун КЖККД институтунун окуу-методикалык башкармалыгынын башчысы, кийин ушул институттун директорунун орун басары, Кыргыз юридикалык академиясынын окуу-инспекциялык башкармалыгынын жетекчиси, билим берүүдөгү Стратегиялык маалымат технологиялары институтунун окуу иштери боюнча проректору болуп иштеп келдиңиз.

2005-жылдан баштап азыркы мезгилге чейин Кыргыз билим берүү академиясында кесиптик билим берүүдөгү проблемалар Борборунун директору, педагогикалык кесиптик билим берүү лабораториясынын башчысы, андан кийин  кесиптик билим берүү жана педагогикалык илимдер Борборунун директору болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатасыз.

40 жылдан ашык кажыбас эмгектин натыйжасында педагогикалык жана лингводидактикалык илимдин, кыргыз жана орус тилдеринин теориясынын жана методикасынын, кесиптик билим берүү тармактарынын өсүп-өнүгүшүнө зор салымыңызды  коштуңуз. Буга республикалык жана чет элдик басылмаларда чыккан педагогика жана лингводидактика боюнча 150 дөн ашык,  мектептик жана жогорку билим берүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча 70-тен ашык илимий эмгектин чыккандыгы күбө. Ошону менен бирге илимий кадрларды даярдоодо салымыңыз ат көтөргүс, илимдин 4 докторун, 23 кандидатын даярдап чыгардыңыз. Азыркы мезгилде дагы КББАдагы кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча атайын Кеңештин мүчөсү, 2015-2018-жж. КР ЖАКтын эксперттик комиссиясынын төрагасы болуп келдиңиз.

Талыкпас эмгегиңиз, жогорку адамгерчилигиңиз, кесибиңизди чексиз сүйүүңүз жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланып, Кыргыз билим берүү академиясынын мүчө –корреспонденти ардактуу наамга ээ болдуңуз.

Урматтуу Кыргызбай Дүшенбекович!

Биздин куттуктоолор менен бирге чын жүрөктөн кесиптик ишмердүүлүгүңүздө чыгармачылык жетишкендиктерди, үй-бүлөңүз жана жакындарыңыз менен бактылуу, бакубат жашооңузду каалайбыз!

 

Кыргыз билим берүү академиясынынын

президенти                                                                                    А.Д. Токтомаметов

 

Кыргыз билим берүү академиясынынын

профсоюз уюмунун төрагасы                                                              С.Т. Жунусбаев         

 

Бишкек шаары, 15-сентябрь 2019-жыл.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial