КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

КББАнын табигый математикалык билим берүү тармагынын маселелери лабораториясы мектептер менен педагогикалык кызматташтыкта

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү менен Кыргыз билим берүү академиясынын ортосунда   Билим берүүнүн жаңы натыйжаларына жана компетенттүүлүнө багытталган билим берүү максатында  педагогикалык кызматташууга келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, 2019-жылдын 26-сентябрында Ысык-Ата районунун мектептеринин окуу-тарбия бөлүмүнүн башчылары жана методистерине 2018-2040 жылдары КРнын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында,  «Билим берүүнү санариптештирүү» темада илимдеги жаңы натыйжаларды мектептерде билим берүүдө пайдалануу, окуу жүктөмүн азайтуу максатында электрондук окуу материалдарды колдонуу маселелери боюнча райондук деңгээлде семиар өткөрүлдү;

Семинар райондун Покровка айлында жайгашкан № 3 жалпы билим берүүчү мектепте болуп өттү. Райондун билим берүү бөлүмүнүн предметтерди окутуунун методикасы кабинетинин башчысы медотист  Наталья Мухамедовна жана мектептин директору  семинар өтүүгө ылайык шарттарды ( интерактивдүү доска ж.б. ) түзүп берди.
Семинарда  лабораториянын ага илимий кызматкери Сөлпүбашова А.Ы. Мектептин окуу-тарбия иштерин уюштуруунун иш планы боюнча түзүлгөн вариантын мультимедиялык технолдогияны колдонуу менен айтып берди. Астрономия, табият таануу предмети боюнча автор тарабынан түзүлгөн электрондук окуу материалдарды колдонуунун методикасын  анимациясы менен  көрсөтүп берди. Методисттер тарабынан өтүлгөн материалды абдан кызуу колдоо, канагаттануу  менен кабыл алышты. Электрондук материалдарды диск түрүндө берүүсүн суранышты.

Учурдун талабына ылайык табигый-математикалык билим берүүнүн маселелери боюнча суроолорго физикка предмети боюнча Мурзаибраимова Б.Б., Математика предмети боюнча Карагозуева Г.Ж. жалпы эле табигый-математикалык билим берүүнүн маселерине лабораториянын башчысы Рыспаева Б.С. токтолуп өттү.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial