2019-жылы 19-ноябрда Кыргыз билим берүү академиясы Бишкек шаарынын методисттери менен биргеликте Ош областынын мектептерине «Билим кербени» сапарына бет алышты. 14 адамдан турган «Билим кербенинин» биринчи сапары Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу №1 Муса Адышов атындагы гимназия-мектебинде 376 мугалимдин катышуусунда өттү. Тажрыйба алмашуу, Алай районунун мугалимдеринин ачык сабактарына катышуу жылуу ой пикирлер менен коштолуп жатты. Заманбап технологияларды колдонуу менен сабактар өтүлдү.
Соңунда мектеп директорлору, методисттери билим берүүдөгү көйгөйлөр, билим сапатын жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулашты. КББАнын кызматкерлери мугалимдердин көйгөйлөрүн жакындан билип, усулдук жардамдарды, кеп кеңештерин билдире алышты.