КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫН ТҮПТӨГӨН, ӨЗ МИЛДЕТИН ТАТЫКТУУ АТКАРГАН ИНСАН!

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги (Москва ш.), Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, илимий мектептин негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевич Бекбоевдин 90 жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү» аттуу темадагы эл аралык илимий-практикалык конференция 2020-жылдын 31-январында болуп өттү.

Россия федерациясынын жана Өзбек Республикасынын окумуштуулары Бекбоев Исак Бекбоевичке өз куттуктоолорун Skype интернет программасы аркылуу билдиришти.

Исак Бекбоевич Бекбоев менен болгон байланыш да Skype аркылуу жүргүзүлүп жатты.

Куттуктоолор, пленардык докладдар окулуп, И.Бекбоев атындагы медаль тапшырылгандан кийин секциялык иштер башталды.

Конференцияга жазылган макала боюнча  «Мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнүн уланмалуулугун камсыздоо»  аталыштагы  4-секциядагы талкууга катыштым.

Секциялык иштердин талкууланышынан электрондук окуу-материалдарын даярдоо, колдонуу, ошондой эле инновациялык мектептер менен Молдокулов атындагы мектеп-лицейинин мугалимдери айрым сабактардан оn-line түрүндө

уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалыматты жана кызыктуу суроолорго жоопторду мектеп-лицейдин  директору Касымалиев Мурат  берди. Ал сөз “Кыргыз республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде электрондук мектепти киргизүүнүн артыкчылыктары» макаласын талкуулоодон келип чыкты.

Англис тилиндеги “Мектептерде англис тилин окутууда заманбап санариптик ресурстардын жардамы жана таасири”  аталыштагы макаланы кыскача чечмелеп айтуу менен методикалык колдонмону кантип колдонуу жолдорун Ала-Тоо Ата-Түрк эл аралык университетинин окутуучусу Жолчиева Айнура Алибековна айтып берди. Суроолорго жооп берүү менен методикалык колдонмону колдонуучулар үчүн кодду ачып көрсөттү. Ошондой эле окуучулардын жетишкендиктерин текшерүүчү тесттин формаларын колдонуу боюнча баалуу маалыматтар, суроо-жооптор болду.

ОшМУнун окутуучусу Сатканбай Момуналиевдин “Ч.Айтматовдун балалыгынын чыгармаларына тийгизген   таасирин окуучуларга жеткирүүнүн айрым жагдайлары” аталыштагы макаласында Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тарбияга тийгизген таасири тууралуу айтылып, мисалдар келтирилди.

Ошондой эле Акматов Д.А., Сакеева С., Мамбетова З.Ж., Мусаева В.И., Аттокурова Ч.А., Абдухамидова Б.А. ж.б. макалаларынын таасири, учурдагы актуалдуу маселелердин чечилиш жолдору, суроо-жооптор ж.б. маселелер кызуу талкууланды.

Айрыкча математика окуу китептеринин көйгөйлөрүнө көӊүл бурулуп, мамлекеттик стандарттагы баалуулуктарды ишке ашыруу, Республикабыздын билим берүү системасына, педагогикасына зор салымын кошкон И.Бекбоевдин ишин андан ары улантуу, окуу китептерин кайра карап чыгуу менен басмага даярдоо иштерин жолго коюу сунушталды. Бул баалуу сунуш 5- жана 6-класстарда математиканы окуткан мугалимдердин суроо талаптарына да жооп берчүүдөй.

Ошондой эле “Математиктердин ассоциациясын” түзүү тууралуу ой-пикирлер айтылды.

Секция ичинде сектификаттар берилип,  алыстан келген мугалимдерди эске алып, алдыӊкы деп эсептелинген макалаларга мамлекеттик тил комиссиясынын жана Кыргыз билим берүү академиясынын ардак грамоталары тапшырылды.

Конференция секциядагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, резолюция кабыл алды жана “Ардак грамоталар” тапшырылгандан кийин өз ишин ийгиликтүү аяктады.

 

Аттокурова Ч.А

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial