КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу – публицист жазуучунун жаңылыгы

Улуттук публицистикабызда, жалпы эле адабий-маданий турмушубузда жакшы жаңылык пайда болгондугун окурман калкка кабарлап коюу парзыбыз. Дегенибиз, жакында белгилүү аалым, атактуу публицист, окумуштуу-жазуучу, адабиятчы сынчы, манастаануучу, педагог Советбек Байгазиевдин 6 томдук тандалган публицистикалык эмгектери «Алтын тамга» басмасынан басылып чыкты. 6 тмодукту жумгалдык  ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты, эл-журтка көп жакшылык иштерди жасап  келе жаткан Абтандил Кулбараков каржылаган. Бир автордун колунан публицистикалык 6 том китептин жаралып, жарыкка чыгышы кыргыз публицистикасынын тарыхында буга чейин боло элек эле. Дегеле, Советбек Байгазиев өткөн кылымдын 70 – жылдарынан тарта бүгүнкү күнгө чейин дээрлик 50 жыл бою публицистика жанрында  күжүрмөндүүлүк менен мээнеттенип, аталган жанрдын  өнүгүшүнө, жаңы сапаттык деңгээлге чыгышына чоң салым кошкон калемгер. аксакал  курагына келсе да, бүгүнкү күндө да публицистикада активдүү эмгектенүүдө. Анын учурунда жаштар арасында чоң резонанс жаратып, кийин мектеп программасына кирип, толукталып, улам – улам басылып чыгып келе жаткан алгачкы «Иниме кат» аттуу көлөмдүү чыгармасы публицистикадагы салмактуу, урунттуу көрүнүштөрдөн болгон. Андан бери далай суулар акты. С. Байгазиевдин калеминен публицистиканын мыкты үлгүлөрү жаралгандыгын, анын жазгандары  дайыма кызыгуу менен окуларын, публицистикада оңой менен боегун оңдурбас эмгектердин ээси экендигин көптөр басма сөздө белгилеп  келишет. Маселен, «С. Байгазиев публицистикада жогорку үлгүлөрдү жараткандардын бири», «с. Байгазиев Чынгыз Айтматовдон кийинки ири публицист», «Советбек Байгазиев – педагогикалык публицистиканын атасы», «Публицистиканын тирүү классиги» деген сыяктуу окурман иштеллигенциянын көптөгөн пикирлери бекер жерден эмес. С.Байгазиевдин стилинин өзгөчөлүгү, макалаларын, эмгектерин актуалдуу, олуттуу темаларда адабий-маданий, рухий – адеп – ахлактык, педагогикалык, этикалык, философиялык терең ойлорго ширетип, кеңири планда ой жүгүртүп, кыш койгондой кынаптап жаза билгендигинде. Окумуштуу – жазуучунун публицистикасынын «жаны» – аналитика, талдоо, мисалдар, фактылар. Далилдеп, ишенимдүү, жеткиликтүү жазуу публицисттин көнүмүшү. Анын китептерин окурмандардын ар кандай категориялары  окуса болот.

Чыгаан публицисттин басма сөзгө байма-бай жарыяланып келаткан макалалары окумандардын улуттук аң сезимин ойготууда таасирдүү роль ойноду десек  жаңылышпайбыз.  6 томдукка кирген тандалган эмгектеринин бардыгы буга чейин макала, брошюра, китеп түрүндө жарык көрүп, окурмандардын  сынынан өткөн,  апробацияланган десек болот.

Алты томдуктун биринчи китеби – «Манас» жана Ч.Айтматов», экинчиси – «Цивилизация жана Ата-Журт тагдыры», үчүнчүсү – «Улутум кыргыз, урааным – Манас!», төртүнчү китеби – «Канткенде адам уулу адам болот?», бешинчиси – «Таланттар жана тагдырлар. Иниме кат», алтынчы китеби – «Кыргыз калкынын рухий – адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү» – деп аталат.

Алты томдуктун кандай мазмундагы жана масштабдагы, кандай темалардагы китептер экендиги аталыштарынын өзү эле айтып турат. Китептерде коом турмушунун, замандын, доордун улуттук өнүгүүнүн өзөктүү проблемалары менен көйгөйлөрү, руханият, мораль, цивилизция, экология, саясат, билим берүү, педагогика, таалим-тарбия, атуулдук милдет, мекенчилдик, сүйүү, глобалдашуу жана улут тагдыры, «Манас» эпосунун баалуулуктары, адабият, маданият, демократия, чыгыш – батыш сыяктуу чоң, чок темалардын кучак жеткис спектри чагылдырылган.

С. Байгазиевдин 6 томдугунан  улуттук аң сезимдин, дүйнө таанымдын тарыхий, баскан жолунун изин көрүүгө болот. Ошондуктан калемгер окумуштуунун бул эмгектери актуалдуулугун жоготпой, узакка жашай турган эскирбес эмгектер деп айта алабыз. Бул 6 томдукту мектептерде, жогорку окуу жайларында, лекцияларда, тарбия иштеринде колдонмо катары да пайдаланылса болот. Китептер рухубузду байытып, мекенчилдик сезидерибизди козгоп, ата-журттун бакыбаты үчүн аттанып чыгууга шыктандырат. С. Байгазиевдин публицистикалык рухий – ыймандык, этикалык – философиялык, илимий популярдуу 6 китеби маданиятыбыздагы олуттуу көрүнүш жана андан коомчулук керектүү түшүмдү жыйнайт деген ишенимдебиз.

Кыял Тажиева изилдөөчү, акын

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial