КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Республиканын Информатика мугалимдерине «Информатиканы аралыктан окутуунун өзгөчөлүктөрү» аттуу вебинар болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен КББАнын кызматкерлери жана адис мугалимдер тарабынан республиканынын мугалимдерине вебинарлардын сериясы уюштурулду.

Вебинардын максаты предметник мугалимдер КББАнын кызматкерлери, атайын адистер менен жолугушуп, предметти окутууда жаралган суроолорго жооп алуу, айрым көйгөйлөрдү талкуулоо болчу.

Информатика предмети боюнча вебинар 2020-жылдын 8-сентябрында саат 14.00 болуп, аны КББАнын лаборатория башчысы, п.и.к., а.и.к. А.Ибирайым кызы жана УИТМЛ директору, п.и.к. М.Касымалиев алып барышты.

Вебинардын темасы: «Информатиканы аралыктан окутуунун өзгөчөлүктөрү» / «Особенности он-лайн обучения предмета Информатики».

Вебинарга бардык региондодон 100дөй информатика мугалимдери катышышып, предметти окутууга карата бир нече суроолор берилип, аларга жооптор алынып, бир топ маселелер талкууланды.

Аталган вебинарда А.Ибирайым кызынын Информатика предметин 2020-21-окуу жылда окутуунун өзгөчөлүктөрү боюнча презентациясы, М.Касымалиевдин электрондук окуу колдонмолорун түзүү боюнча базалары көрсөтүлдү.

Информатиканы окутуу боюнча негизинен төмөндөгүдөй суроолорго жооптор берилди: «Негизги окуу программасы тууралуу», «Календардык пландарды түзүү иштери», «Окуу китептери», «Программалоо тилдери», «ЭОМКларды түзүү», «Мугалимдерди окутуу», «Сорос фонду тарабынан түзүлгөн китептер» ж.б.у.с.

Жалпысынан алганда вебинар өз максатына жетти. Өтө талаштуу маселелер болгон жок.

Жыйынтыгында Информатика мугалимдери тарабынан төмөндөгүдөй сунуштар айтылды:

– Билим берүү жана илим министрлигинин жана КББАнын кызматкерлери жер-жерлерге барып Информатика мугалимдерине жолугушууларды өткөрүшсө;

– Информатика мугалимдерине атайын окууларды уюштуруп беришсе;

– Академия УИТМЛ менен биргеликте мугалимдерге ЭОМКларды түзүү боюнча окууларды өткөрүп беришсе ж.у.с. муктаждыктарды белгилешти.

Даярдаган: Ибирайым кызы А.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial