КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Физика предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар

2020-2021-окуу жылында физика жана астрономияны окутуу боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү демилгеси боюнча Кыргыз Билим берүү академиясы тарабынан уюштурулуп жаткан вебинарлар сериясы бүгүн физика жана астрономия предмети боюнча улантылды.

Алгач академиянын физика боюнча жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к. Мурзаибраимова Бибисара Бекмаматовна «2020-2021-окуу жылында физика жана астрономияны окутуу боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар»/ «Методические рекомендации для учителя по предмету «Физика и астрономия» в 2020/2021 учебном году” деген темада кыргыз жана орус тилинде кыскача презентация жасады. Презентацияда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн Базалык окуу планында физиканы жана астрономияны окутууга бөлүнгөн саттар, 11-класста интеграцияланган “Физика жана астрономия” предметин окутуу маселеси, бул предметтерди окутууда жетекчиликке алынуучу окуу-нормативдик документтер, учурда аралыктан окутуунун негизги формасы жана каражаты болуп эсептелген видеосабактар жана телесабактар, кайтарым байланыш түзүүнүн жолдору, заманбап сабактарга коюлуучу негизги талаптар жөнүндө баяндалды.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн №24 мектептин физика мугалими Нойкина Оксана Александровна жана №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин физика боюнча методисти Асанова Мелискан Биримкуловна теле- жана видеосабактарды колдонуп, дистанттык окутуудагы жеке тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти. Телесабактарга кошумча колдонуп жатышкан видеосабактардын базасын, тийиштүү сайттардын тиркемесин көрсөтүштү

Суроолор негизинен төмөнкүлөр жөнүндө болду:

  • орус тилинде окутулуучу мектептердин көп жылдан бери физика окуу китептери менен толук камсыз болбой келе жатышы;
  • окуу китептеринин жетишсиздиги окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин жаңы стандарт-программаларга өтүүсүнө тоскоол болуп жатканы;
  • жаңы программага өтүүгө шарты бар, материалдык-техникалык жактан жакшы жабдылган мектептердин жаңы стандарт-программаларга өтүп кетүүсү окутуунун жана баалоо үчүн инструментарийлердин бирдиктүүлүгүн бузуп жаткандыгы;
  • телесабактар кыскача жана эки-үч теманы чогуу камтыгандыгы абдан ыңгайсыз болуп, кээде балдардын кабыл алуусу үчүн оор болуп жатканы;
  • видео- жана телесабактардын мазмунун алдын ала көрүп, илимий жактан тууралыгын, кандай суроолорду камтый турганын билип, аны кабыл алууга балдарды алдын ала даярдоо зарыл болуп жатканы;
  • бир да теле- же видеосабакта лабораториялык сабактар каралбаганы,
  • Youtube каналдарында жана сайттарда кыргыз тилиндеги сапаттуу видеосабактарды көбөйтүүнүн зарылдыгы;
  • Кыргызстандын дээрлик бардык мектептеринде физикалык приборлордун мектептерде жетишсиздигинен лабораториялык сабактарды, факультативдерди жана физпрактикумдарды өтүү мүмкүн болбой жаткандыгы;
  • ЦООМО уюштурган олимпиадалардын суроолорунда жалаң чет өлкөлүк жана жогорку окуу жайларынын китептеринен алынган тапшырмаларга гана басым коюлуп, Кыргызстандын жергиликтүү шартына, программа-окуу китептерине туура келген тапшырмалар камтылбай жатканы нааразычылыктарды пайда кылып жатканы, бул – «Кыргызстандын китептери менен билим алган балдар олимпиадага катышып, оң баа алууга жарабайт» деген пикир жаратары;
  • олимпиадаларда базалык жана тереңдетилген мектептердин (класстардын) бирге катыштырылышы алыскы райондордон келген жөнөкөй, материалдык-техникалык камсыздоосу начар мектептердин окуучуларынын укугун тебелеп, шагын сындырып жаткандыгы;
  • жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолору Кыргызстандын программалары менен түзүлбөгөндүгү;
  • бирдиктүү календардык пландын дагы керек экени ж.б. жөнүндө болду.

Адистер мугалимдердин суроолоруна жооп берип жатып, алар белгилеген көпчүлүк суроолор чынында эле көптөн бери чечилбей келе жаткан, учурда кечиктирбей чечүүнү талап кылган проблемалар экенин, алар тийиштүү уюмдарга билдирилерин, окуу китеп менен камсыздоо маселеси оң жолго коюлса, мектептерди лабораториялык куралдар, көргөзмө каражаттар менен жабдуу маселеси биринчи планга чыгарын белгилешти.

Вебинарга катышкан «Алтын түйүн» республикалык балдардын инженердик академиясынын директорунун орун басары Кубанычбек Абылов аталган академияда физикалык лабораториялык иштердин аткарылышы видеого тартылып жаткандыгы, аны жалпы республикалык мектептерде физиканы окутуу процессинде колдонууга сунуштаса болорун билдирди. Мугалимдер бул маалыматты абдан кубануу менен кабыл алышып, тездетип берүүнү суранышты.

Жогоруда белгиленген маселелер абдан маанилүү болгондуктан, аларды толугу менен эске алуу, кечиктирбей чечүү зарыл экендигин белгилейбиз.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial