КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде , 2020–2021-окуу жылында «География» предметинде дистанттык окутуунун маселелерин чечүүнүн жолдору боюнча методикалык сунуштар

 Социалдык – гуманитардык билим берүү тармагынын маселелери лабораториясынын илимий кызматкери, география предмети  боюнча адис Кадыркулов Актанбек Курманбекович вебинар өткөрдү. Вебинар 15.09.2020 жылы, саат  13.00 болуп өттү. Георафия боюнча вебинарга КББА нын кызматкерлери Мурзалиева Зина Кочековна, Жумабаева Дамира Барпиевна жана Кыргыз Республикасы боюнча 103 географ – мугалим катышты. Вебинар КББА нын конференц залында уюштурулуп,  Google мееt программасы аркылуу өттү.  Региондордо  Google мееt программасын билбегендиктен,  Вебинарга катыша албай калган географ мугалимдерге  Whats app аркылуу маалымат берилди.

Каралган маселелер:

Онлайн режимде география предметин дистанттык окутууну уюштурууда тажрыйбаны анализдөө, жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

Аралыктан окутуунун шартында окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердигин башкаруу;

Дистанттык окутууну уюштурууда  педагогдордун жана ата-энелердин өз ара аракеттенүүсү;

Аралыктан текшерип-баалоо процедураларын уюштуруу;                     

Вебинар жандуу өтүп, географ – мугалимдер активдүү катышып, суроо –жооптор берилди. Географ – мугалимдер дагы ушундай Вебинарларды уюштурууну суранышты.

Маалыматты даядаган:    Кадыркулов А.К.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial