КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Биргеликте иш алып баруу

Аралыктан окутуу учурунда Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери Элтр “Илим-билим” каналы бирдикте “Жаңычыл мугалим” жана “Ата-эне мектеби” көрсөтүүсүн эфирге алып чыгышты. “Ата-эне” мектеби күнүнө 20 мүнөттүк убакытта көрсөтүлүп жатты.

Бул көрсөтүү балдарды аралыктан окутууда ата-энелерге кеңеш берүү максатында даярдалган. Ата-энелерге жана мектеп мугалимдерине арналган көрсөтүүдөн, кантип балдарды китеп окууга көндүрө алабыз, аралыктан окутканда эмнелерди эске алуу маанилүү, уюлдук телефондун оң жана терс жактары, психологиялык жагымдуу маанай деген сыяктуу кеңештер берилди.

2020-жылдын март айынан баштап, эфирге көрсөтүлүп жаткан “Жаңычыл мугалим” берүүсү мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган. Көрсөтүүдөн мугалимдердин сабак өтүүдөгү жаңы ыкмалары, чыгармачылыгы, билгичтиги менен таанышууга болот. Көрсөтүүлөрдү КББАнын ЮТУБ каналынан көрө аласыздар.

Кыргыз билим берүү академиясынын жамааты Элтр “Илим-билим” каналынын  жалпы жамаатына, жана башкы директору Калыкулов Керимбек Акматалиевичке, продюсер Чомокоева Берметке, редактор Деркембаева Чолпонго, оператор Шаршанбеков Курманбекке  биргеликте иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

 

 

                                                                    Маалыматты даярдаган: Мансапова Г.

 

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial