КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы”

27-октябрда Кыргыз билим берүү академиясында “Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, “Педагогдор коому” жана И.Арабаев атындагы КМУнун педагогдору, РПККЖКДИ, “Санжыра” борборунан окумуштуулар жана адистер катышты.

Концепцияны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси авторлордун  бири Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Токтомаметов Алмазбек Даткабекович концепция жана аны ишке ашыруу иш-чараларынын планы тууралуу презентация жасап, кеңири маалымат берүү менен бүгүнкү күндө жаштарды тарбиялоого баардыгыбыз өз салымыбызды кошушубуз керектигин белгиледи. Акыркы убактарда коомдогу болуп жаткан ар кандай көрүнүштөрдөн алдын алуу максатында тарбия концепциясы иштелип чыккан. Концепциянын негизги өзөгү – баланы инсан катары калыптындыруу. Биздин келечегибиз болгон жаштарды, окуучуларды тарбиялоону бир гана мектепке жүктөп коюу туура эмес. Ата-энелер, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөтү, райондук, областтык билим берүү башкармалыгы менен чогуу бирдикте иш алып баруу керек  деген концепциядагы ойлор айтылды.

“Педагогдор коомунан” Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович жана Алимбеков Акматалы Алимбекович концепция тууралуу өз ой пикирлерин билдиришти. И.Арабаев атындагы КМУнун проректору, психология илиминин кондидаты  Коңурбаев Тууганбай Абдрахманович концепциянын айрым бир жерлерине түзөтүүлөр керек экендигин айтып өттү. Келген коноктордун баардыгына сөз берилип, концепцияга алымча-кошумчалар болду.

Тарбия иштеринин концепциясын жүзүгө ашыруу үчүн Педагогика илими жана кесиптик  билим берүү борборунун Билим берүүнүн, тарбиялоонун теориясы жана практикасы лабораториясынын адистери “Тарбия иштеринин программасын” иштеп чыгышкан. “Тарбия иштеринин программасы” боюнча авторлордун бири, педагогика илимдеринин кандидаты Жумабаева Гүлайым Абдысаматовна программанын актуалдуулугу, максаты, мазмуну ж.б. боюнча кыскача презентация жасады.

“Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы” жана аны ишке ашыруу иш-чараларынын планы жана “Тарбия иштеринин программасы” бир добуштан жактырылды.

Мансапова Г.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial