КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу

4-5 декабрь Манас күнүнө карата Кыргыз билим берүү академиясы жана №71 мектеп-интернаты  биргеликте “Улуу Манас эпосунун рухий –адептик, патриоттук наркы жана аны окуу – тарбия ишинде жайылтуунун ыкмасы” деген темада семинар өткөрүштү. Семинарга Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин кандидаты Токтомаметов А.Д., Ч.Айтматов атындагы “Манас” академиясынын президенти  – философия илимдеринин кандидаты, профессор Тургуналиев Т.Т., Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери – филология илимдеринин доктору, профессор Байгазиев С.О. жана №71 мектеп-интеранатынын директору Атаев Р.А., Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Жумабаева Д.Б. жана Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, №71 мектеп-интернатынын мугалимдери, окуучулар катышты.

Семинар окуучулардын Манас айтуусу менен башталып, “Манасчылардын түш көрүү мотиви” деген темада ачык сабак өтүлдү. Андан соң келген конокторго сөз берилип, омоктуу ойлор айтылды.

                                                                                                        Мансапова Г.М.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial