КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН ИШ КАГАЗДАРЫН КЫСКАРТТЫ

КРдин Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар документтерди кыскартты.

Министрликтин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097 “Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругунда төмөнкү документтерди жүргүзүү милдеттүү эмес деп табылды:

  1. Көчүрүү экзамендерине байланыштуу документтер (9, 11-класстардагы мамлекеттик аттестациялоонун документтеринен башкалары);
  2. Мугалимдин портфолиосу;
  3. Өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы;
  4. Аткарылган иштер боюнча фотоотчеттор;
  5. Микроучасток боюнча балдардын маалыматтарын топтоо;
  6. Аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды жана бланктарды толтуруу;
  7. Окуу кабинетинин паспорту;
  8. Пландалбаган иш-чараларга, мааракелерди өткөрүүгө жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга байланыштуу документтер.

Эске салсак, документтердин санын кыскартуу зарылчылыгы өлкөбүздүн педагогдорунан Билим берүү жана илим министрлигине келип түшкөн кайрылуулар менен байланыштуу. Анда мугалимдердин убактысынын көпчүлүгү ар түрдүү отчетторду, документтерди толтурууга кетип жатканы айтылган. Мындан улам мугалимдердин жеке профессионалдык өсүүсүнө, балдар менен иштөөгө убактылары болгон эмес.

Тиркелет:

– КР ББИМдин буйругу (Приказ.pdf);
– Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон документтердин тизмеси 
(1-тиркеме.pdf);
– Документтердин типтүү формалары 
(2-тиркеме.pdf);

Календардык-тематикалык план жана сабактын план-конспекти жөнүндө

КР ББИМдин басма сөз кызматы

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial