КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“Тарбиялык процессте окуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө карата класс жетекчилерге жардам”

Кыргыз билим берүү академиясында  Педагогика жана кесиптик билим берүү борборунун Билим берүүнүн жана тарбиялоонун теориясы жана практикасы лабораториясында эмгектенген п.и.к., ага илимий кызматкер Жумабаева Гүлайым Абдысаматовнанын “Тарбиялык процессте окуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө карата класс жетекчилерге жардам” деген аталыштагы методикалык колдонмосу жарык көрдү. Класс жетекчилер, тарбия завучтарына арналат. Колдонмонун негизги максаты – класс жетекчилердин, тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын ишин жеңилдетүү, аларга методикалык жардам көрсөтүү, пайдалуу кеңештерди сунуштоо, керектүү материалдар менен камсыздоо.

Азыркы мезгилдеги окуучулардын көйгөйлөрү, анын себептери, проблемаларды азайтууга карата сунуштар, тарбиялык иштерге тиешеси бар актуалдуу маселелер боюнча маалыматтартар камтылган. 8-класстын курак өзгөчөлүгү, азыркы мектептеги реалдуулук эске алынып колдонмо иштелип чыкты. Ишин жаңыдан баштап жаткан класс жетекчилерге, тарбия завучтарына, тажрыйбалуу педагогдорго тарбиялык иштерди уюштуруунун жаңы форма, метод, ыкмаларын табууга өбөлгө болот.

Сатып алууну кааласаңыздар Кыргыз билим берүү академиясынын типографиясына кайрылсаңыздар болот.

                                                                                             Мансапова Гулира

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial