КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Адам жана коом боюнча 5-класс үчүн электрондук китептин презентациясы

2021-жылдын 20-январында Кыргыз билим берүү академиясында Адам жана коом боюнча 5-класс үчүн электрондук китептин презентациясы болуп өттү.

Презентацияга Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана “ММКларды коргоо борбору” фондунун өкүлдөрү катышты. Электрондук китептин мазмуну боюнча ага илимий кызматкер Козубаева Б.У. презентация жасады. Презентацияда электрондук китепти өзгөчөлүктөрү деп төмөнкүлөр белгиленет:

  • мазмундук. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан Адам жана коом боюнча 5-класстар үчүн окуу китептен айырмачылыгы: Жеке коопсуздук, Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу маалыматтар берилди;
  • көрсөтмөлүүлүк. Иллюстрациялар, видеороликтер, ар түрдүү интерактивдүү оюндар балдардын мазмунду өздөштүрүүсүнө жардам берет;
  • оперативдүүлүк. Электрондук китепти компьютерден жана ар түрдүү гаджеттерден ссылка аркылуу ачып колдонсо болот.

Жалпы onlainekitep.kg сайты боюнча “ММКларды коргоо борбору” фондунун программалык адиси Кундуз Жекшен кызы маалымат берди.

 

Аткарган  Козубаева Б.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial