КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Борбор Азиядагы изилдөөлөрдүн материалдары

Билим берүүдөгү теңсиздик: Кыргызстанда ар бир үч үй-бүлөнүн биринде гана компьютер же планшет бар

 

Баткен облусунда жети үй-бүлөнүн биринде гана компьютер же планшет бар, ал эми интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ар бир эки үй-бүлөнүн бири гана ээ. Борбор Азия иликтөөчүлөрү аймактык билим берүү системасы пандемия шарттарына жана аралыктан окуутууга кантип ыңгайлашып жатканын иликтеп чыгуу үчун биригишти.

 Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылга карата Кыргызстанда 27% үй-бүлө гана компьютер же планшетке ээ болгон. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү орточо эсеп менен алганда үч үй-бүлөнүн экөөсүндө гана бар (70%).

Мугалимдердин жана окуучулардын санариптик көндүмдөрү төмөнкү деңгээлде экенин эске алганда жана буга натыйжасыз окутуу системасы кошулганда, мунун бардыгы акыры келип республикадагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу теңсиздиктин ажырымын ого бетер чоңойтту. Дүйнөлүк Банктын баасы боюнча, айрыкча алыскы райондордо жашаган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, азчылыктардын жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын балдары оор абалга кептелди.

Кыргызстанда (жана жалпы аймакта) билим берүү жана теңсиздик маселелери канчалык актуалдуу экенине карабай, кырдаалга карата жүргүзүлгөн анализге жана коллабрацияга негизделген эксперттик пикирлер жетишсиз. Казакстандагы «PaperLab»  КФнун иликтөөчүлөр командасы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өкмөттөрү тарабынан билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын ролун жана натыйжалуулугун баалоо боюнча чек аралар аралык долбоорду демилгелеген.

Өлкө эксперттери ар бир учур боюнча постпандемия шартына өтүүдөгү күчтүү жана алсыз жактарды аныктап, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен региондордун ортосундагы экономикалык теңсиздиктин өз ара байланышы туурасындагы талкууну күчөтүүгө ниеттенишүүдө.

Долбоордун алкагында билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу теңсиздиктин Индексин иштеп чыгуу пландалууда. Ал мамлекеттерди өз ара салыштырууга гана жол бербестен, ошондой эле артта калып жаткан тармактарды көрүнөө белгилеп, чечим кабыл ала турган адамдардын көңүлүн бурдурууга жардам берет.

«Борбор Азия мамлекеттеринин билим берүү жаатындагы теңсиздиктин жаңы кырлары: көйгөйдү өлчөгөндөн баштап, саясатты өзгөртүүгө чейин» долбоору  Сорос-Казахстан Фондунун колдоосу астында ишке ашыууда.  Иликтөө иштеринин мазмуну авторлордун көз карашын чагылдырат жана ал Фонддун көз карашы менен дал келбеши да мүмкүн. Долбоордун медиаөнөктөшү MediaNet Эл аралык журналистика борбору.

Кененирээк маалыматты Айчурек Усупбаевадан алсаңар болот: +996 702 011 389, aichurek.msc@gmail.com.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial