КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кыргызстандагы башталгыч мектептердин предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча семинары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч мектептер үчүн предметтик стандарттарды иштеп чыгуу боюнча буйругуна ылайык, 2021-жылдын 18-июнунда, Кыргыз билим берүү академиясында USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун колдоосу менен Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн багыттоо семинары болуп өттү.

Семинардын максаты:

  • ар кайсы өлкөлөрдүн стандарттык ченемдик укуктук базасы менен таанышуу;
  • колдонуудагы стандарттарды талдоонун натыйжаларына, окуучулардын   жетишкендиктерин баалоонун натыйжаларына, анын ичинде Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына негизделген сунуштарды талкуулоо;
  • Кыргызстандагы башталгыч билим берүү стандартын кайра карап чыгуу же иштеп чыгуу талап кылынган деңгээлин аныктоо.

Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна, КАОнун Президенти Дюшеева Назира Кубанычбековна, USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун директору Лиана Гертч тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылды

Уланбек Мамбетакунов башталгыч мектептер үчүн жаңы Мамстандарттагы жана Базистик окуу планындагы  өзгөрүүлөр боюнча презентация жасады.

Назира Дюшеева “Мамлекеттик жана предметтик стандарттарды иштеп чыгуу жана кайра кароо жөнүндө” жобону сунуштады.

Чынара Аттокурова башталгыч билим берүү стандарттарынын ички анализинин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Семинардын катышуучулары жана эксперттердин тобу математика, орус тили жана окуу, кыргыз тили жана окуу боюнча башталгыч билим берүү стандарттарын эл аралык тенденциялар жана эл аралык улуттук изилдөөлөрдүн көз карашынан талдоону талкуулашты.

Талкуунун натыйжасында, Жумушчу топтун башталгыч билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана иштеп чыгуу боюнча милдеттери жана иш планы аныкталды.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial