mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня205
mod_vvisit_counterНеделя1632
mod_vvisit_counterМесяц11837
mod_vvisit_counterВсего911637

We have: 163 guests, 3 bots online
Ваш IP: 18.212.206.217
 , 
Сегодня: Фев 17, 2019
Урматттуу агайлар, сүйүктүү эжелер! Кадырлуу Кыргыз билим берүү академиясынын жалпы жамааты! PDF Печать E-mail
20.03.2013 08:34

Кыргыз билим берүү академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши Сиздерди элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан, бардык жанга жагымдуу маанай жараткан, жаратылыштын жаңылануусуна шерик болгон Нооруз майрамы менен куттуктайт!

Жаңы-жыл – Нооруз майрамы сабырдуулуктун, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, жаңы үмүттүн, жигердүү эмгектин учугун улаган улуу майрам болуп калды.

Нооруз майрамында жалпы коллективге тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо-тилектер ишке ашышына тилектешбиз. Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде бейкутчулук, токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдер эч качан өчпөсүн.

Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге, турмуштук күч кубатка жана иштиктүү маанайга толтура берсин!

Улуттун улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин! Нооруз майрамыңыздар маарек болсун!

Жаш окумуштуулар кеңеши

 
Main page Contacts Search Contacts Search