mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня356
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц17792
mod_vvisit_counterВсего711512

We have: 56 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.166.172.180
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
«ПРОФЕССОР Ж.К.СЫДЫКОВ – КӨРҮНҮКТҮҮ ЛИНГВИСТ» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү PDF Печать E-mail
17.10.2015 08:01

Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору В.И. Мусаева 9-октябрда саат 14.30да Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясыын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Н.Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети тарабынан биргелешип уюштурулган «ПРОФЕССОР Ж.К.СЫДЫКОВ – КӨРҮНҮКТҮҮ ЛИНГВИСТ» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференцияда улуттук илимдер академиясыын президенти, академик А.А.Эркебаев, вице-президенти академик А.А.Акматалиев, академик Т.К.Койчиев, ошондой эле, курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору т.и.д., профессор А.А.Абдыкалыковдор куттуктоо, ошону менен бирге эле, эскерүү сөзүн сүйлөшүп, Ж.Сыдыковдун, айрыкча, компьютердик программаларды кыргыз тилине өткөрүүдөгү өтөгөн зор кызматына кеири токтолушуп, математиктер менен лингвисттерди бириктирип кыргыз тил илиминде компьютерди колдонуу боюнча конференцияларды өткөргөндүгүн, андан бери карай бул багытта кандидаттык диссертациялар корголуп, учурда докторлук диссертация жазылгандыгын баса белгилеп өтүштү.

Андан соӊ ф.и.д., БГУнун профессору С.И.Ибрагимов «Окумуштуунун илимий рухуна таазим» аттуу темада, ф.и.д., БГУнун профессору Т.Т.Токоев «Профессор Ж.К.Сыдыков жана кыргыз тилинин тарыхы» аттуу темада, ошондой эле, ф.и.д., БГУнун профессору Т.С.Садыков «Залкар окумуштуу жана өрнөктүү устат» аттуу темада кызыктуу илимий баяндамаларды жасашты. Конференцияны улуттук илимдер академиясыын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору ф.и.д., профессор К.Т.Токтоналиев алып барып, жыйынтыгында, резолюция кабыл алынды.

Даярдагандар: Омурова Айна, Усубалиева Нурила

 
Main page Contacts Search Contacts Search