mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня351
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц17787
mod_vvisit_counterВсего711507

We have: 52 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.166.172.180
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
Казакстан республикасынын Шымкент шаарында болуп өткөн “Көп тилдүү билим берүү жагдайында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруудагы мугалимдин кесибин жогорулатуу” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү PDF Печать E-mail
30.10.2015 09:52

2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясын, 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүү программасын, 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын, Кыргыз Республикасында көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү Концепциясын ишке ашыруу үчүн билим берүүнү башкаруу системасынын өкүлдөрүн даярдоо максатында 2015-жылдын 22-сентябрынын №202/2 буйругунун негизинде 2015-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Казакстан республикасынын Шымкент шаарында болуп өткөн “Көп тилдүү билим берүү жагдайында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруудагы мугалимдин кесибин жогорулатуу” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Э.К.Эсеналиева катышып, илимий макаласына баяндама жасады.

Ошондой эле Шымкент шаарынын көп тилдүү мектептеринин ачык сабактарына катышып, ал жакта болуп жаткан жаңылыктар менен таанышышты. Ал жактын өзгөчөлүгү окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектеп деп аталганы менен бир гана өзбек тили жана адабиятын өзбек тилинде болорун кабарлады. Калган сабактар казак, орус жана англис тилинде окутулганына күбө болдук дейт. Назарбаевдин Мектептердин бири химия-биология багытындагы мектеби болду. Бул мектеп Казакстан республикасынын президенти Н.Назарбаевдин колдоосу астында жаңы талаптарга ылайык курулган. Калган сабактын тилге абдан көңүл бурулуп химия-биология жана математика сабактары англис тилинде, гуманитардык сабактар орус, казак тилинде башка предметтер окулат. Ошондой эле ар бир предметти лабораториялык эксперимент негизинде окуп үйрөнгөндөрү жакшы таасир калтырып, Э.К.Эсеналиева: “Бул методиканы Кыргызстандын да мектептерине жайылтып, жакшы үлгү катары көрсөтүү керектигин” билдирди.

 
Main page Contacts Search Contacts Search