mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня219
mod_vvisit_counterНеделя222
mod_vvisit_counterМесяц6545
mod_vvisit_counterВсего740732

We have: 24 guests online
Ваш IP: 54.81.102.236
 , 
Сегодня: Июл 15, 2018
«АЙТМАТОВ ОКУУЛАРЫ - 2015» аттуу Ч. Айтматовдун 87жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү PDF Печать E-mail
17.12.2015 05:53

Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору В.И.Мусаева 11-12-декабрда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясыын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан кыргыз адабиятынын проблемаларынын жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларынын алкагында уюштурулган «АЙТМАТОВ ОКУУЛАРЫ - 2015» аттуу Ч.Айтматовдун 87жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, секцияда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мектептин окуу-методикалык комплектилеринде орун алып, окутулушу тууралуу сөз сүйлөдү. Аталган конференциянын пленардык жыйынында КРнын Улуттук илимдер академиясынын Президенти, академик А.Эркебаев сөз сүйлөп, 2018-жылы боло турган жазуучунун 90жылдык мааракесине эмитеден баштап кам көрүү тууралуу эскертип өттү. КРнын Президентинин, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасынын куттуктоолору окулуп, КРнын илим, билим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Адилет Бекбоев, Кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов, академик М.Мамытовдор доклад менен чыгып сөз сүйлөп, аалам ойчулу Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 128 мамлекетинде 183 элдин тилинде 108миллион тираж менен жарык көргөндүгүн. Анын ичинде бир эле «Жамийла» повести немец тилинде 37 ирет басылып чыккандыгын, чет мамлекеттерде жазуучунун чыгармаларынын негизинде видео роликтер ар дайым көрсөтүлүп тураарын белгилеп өтүштү. Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова сөз сүйлөп, 1937-жылы 15-августта «эл душмандарынын балдарын окууга кабыл албоо, куугунтуктоо» тууралуу атайын өкмөттүк указ чыккандыгын, 54жылдан кийин гана Төрөкул Айтматовдун көмүлгөн жери табылгандыгын, ал эми, мисалы, Токчоро Жолдошевдин кайда экендиги табылбай да калгандыгын белгилеп өттү. Казакстан Асамблеясынын өкүлдөрү Роза Айтматованы Казакстан Ассамблеясынын ардактуу төш белгиси менен сыйлашты.

Конференцияга Кытайдан доктор, профессор Шы Жиншию, Кытайлык кыргыздардан Макелек Өмүрбай, Казакстандан ф.и.д., профессорлор Жангара Дадебаев, Булдыбай Анарбай Сагиулы, Ош, Жалал-Абад, Нарын мамлекеттик университеттеринен, Бишкектин жогорку окуу жайларынан, академиялардан академиктер, илимдин докторлору, профессорлор, окутуучулар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Конференцияда төмөнкүдөй секциялар өз иштерин жүргүзүштү. Алар:

  • 1-секция: Ч.Айтматовдун чыгармачылык феномени;
  • 2-секция: Тарыхый-этногарфиялык мурастар,доордун философиялык, этикалык жана социалдык проблемалары Ч.Айтматовдун чыгармаларында;
  • 3-секция: Ч.Айтматовдун тили азыркы лингвистикалык изилдөөлөрдүн аспектисинде;
  • 4-секция: Кыргыз адабиятынын жана фольклористикасынын актуалдуу проблемалары.

Конференция өз ишин жыйынтыктоо менен резолюция кабыл алынып, сертификаттар тапшырылды.

 
Main page Contacts Search Contacts Search