mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня221
mod_vvisit_counterНеделя222
mod_vvisit_counterМесяц6547
mod_vvisit_counterВсего740734

We have: 26 guests online
Ваш IP: 54.81.102.236
 , 
Сегодня: Июл 15, 2018
Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери «Түрк дүйнөсү: тарыхый-маданий мурастар – элдин көөнөрбөс кенчи» деген темадагы илимий-практикалык конференцияда PDF Печать E-mail
24.03.2016 09:30

Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын жетектөөчү илимимй кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, доцент Венера Мусаева Кочкор районунда тарых жана маданият жылына карата өткөрүлгөн түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын, мугалимдеринин жана окумуштуу-педагогдорунун «Түрк дүйнөсү: тарыхый-маданий мурастар – элдин көөнөрбөс кенчи» деген темадагы илимий-практикалык конференцияда «Кошой коргон менен Таш-Рабаттын – түрк дүйнөсүнүн, кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастары катары таалим-тарбиялык маани-маңызы» аттуу темада доклад менен чыгып сөз сүйлөдү. Өзүнүн докладында п.и.д., доцент В.И.Мусаева Кошой коргон менен Таш-Рабаттын тарыхый таржымалына кеңири токтолуп, төмөндөгүлөрдү баса белгиледи:

Кошой-Коргон изилдөөлөр боюнча болжол менен Y-YIкылымдарга таандык. Ал Ат-Башы районунан 12км батыш тарапта Кара-Коюн суусунун сол жээгинде негизги чепти жана узун дубал менен курчалган чоң аянтты түзүп турат. Дубалдын бийиктиги 7метр. Анын бурчтарына жана дубалды бойлой мунаралар курулган. Бир кезде дубалдын үстү менен ат араба кенен жүргөн экен. Кошой-Коргон «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргон-чеби болгон.

Борбордук Азиянын орто кылымдагы архитектурасындагы эстеликтердин ичинен таштан жасалган сепил жалгыз гана Таш-Рабат. Ал Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын «Шырыкты» деген аймагындагы Кара-Коюн капчыгайына жакын Таш-Рабат суусунун жээгинде жайгашкан. Таш-Рабаттын курулушу төрт чарчысынан келип, төгөрөктүн төрт бурчуна т.а. дүйнөнүн төрт багытына ылайык салынып, маңдайкы бети, дарбазасы чыгышты карап турат. Таш-Рабаттын бийиктиги 3600метр, узундугу 35метр, туурасы 33метр. Иликтөөлөргө таянсак, бул эстелик болжол менен Y-YI кылымдарга таандык. Таш-Рабат тоонун бетиндеги аянтта жайгашып, 40бөлмөдөн турат. Залдын ортосундагы 18-бөлмөдө терең ор бар. Ал ортосу тешик, кеминде он киши көтөрө турган чарчы жалпак таш менен жабылган. Эстелик тууралуу уламыштардын биринде аны илгери Мухаммед хан усталарга курдурган десе, дагы биринде атасы менен уулу салып жатканда уулу артын карап, сулуу кызга алаксып, эстеликтин чокусундагы акыркы таштары коюлбай калгандыгы айтылат. Аталган эстеликтер тууралуу азырынча эл арасында уламыштар гана айтылып, мамлекеттик деңгээлде олуттуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөй келет.

В.И.Мусаева докладынын аягында Кошой коргон менен Таш-Рабат кыргыз эли гана эмес жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхый, маданий мурасы катары кийинки муундар үчүн таалим-тарбиялык маани-маңызы зор экендигин, аларды терең таанып- билүү аркылуу жаш муундар өлкөсүнүн тарыхын тактоого, коомдук абалын, маданиятын, каада-салтын окуп-үйрөнүүгө, тарыхый, маданий мурастарды кадырлап-сактоого, коргоого көнүгүшөөрүн баса белгилеп айтуу менен аталган ыйык жайларда жалпы түрк элдеринин тарыхы камтылып жаткандыктан ал маданий мурастар тарыхчылар, этнографтар, археологдор сыяктуу атайын адистер тарабынан ар тараптуу иликтөөгө алынышынын зарылдыгы тууралуу өзүнүн сунушун киргизди. Ошондой эле «Кыргыздын чечендик кебин окутуу» аттуу монографиясын Шапак Рысмендеев атындагы мектептин китепканасына белекке тартуулады.

Конференциянын «Тарыхый-маданий мурастар жана алардын таалим-тарбия берүүчүлүк мааниси» аттуу 2-секциясында Бишкек шаарынын №70 гимназиясынын 10-классынын окуучусу Айпери Мусаева «Таш-Рабат менен Кошой-Коргон – кыргыз элинин улуттук сыймыгы» деген темадагы докладында мына буларды белгиледи:

Таш-Рабат Ат-Башы калаасынын Казыбек айылынын аймагында жайгашкан. Уламышка караганда, ал 40 бөлмөдөн туруп, убагында соодагерлердин кербен сарайы катары кызмат аткарган. Улуу Жибек жолу аркылуу Таш-Рабат Кытай менен түрк элдеринин ортосунда соода, карым-катнаш, достук байланышына данакер болгондугу да айтылып калган. «Хан сарай» деген да аталышы бар. Жалаң таштан салынган. Таштын кайдан алынганы эмдигиче белгисиз.

Ал эми Кошой-Коргон ушул эле Ат-Башы калаасындагы Кара-Суу айылына жакын жерде орун алган. Бул ыйык коргондо илгери бир мезгилде “Манас” эпосундагы кадимки Кошой бабабыз отурукташып, мекендеген экен. Айпери Мусаева ошондой эле, Таш-Рабат менен Кошой-Коргон кыргыз элинин улуттук сыймыгы, тарыхый, маданий, баалуу улуттук мурасы катары саналаарын, бул сыяктуу кыргыз элинин улуттук сыймыгына татыган этнографиялык жайлар Нарында, Таласта, Ошто, Ысык-Көлдө, Баткенде, Жалал-Абадда, Чүйдө - Кыргызстандын бардык жеринде жайгашкандыгын, ата-бабадан калган бул баалуулуктарды жаштар көздүн карегиндей кастарлап-сакташы керектигине токтолду.

Кочкордун Кара-Суу айылындагы улуу манасчы Шапак Рысмендеев атындагы мектептин аянтына конференциянын катышуучулары тарабынан жашыл арчалар тигилип, аруу тилектер айтылды.

Венера Инаятовнага Кыргыз билим берүү академиясынын сертификаты жана Шапак Рысмендеев атындагы мектептин ыраазычылык каты тапшырылды.

Даярдагандар: Айна Омурова, Нурила Усубалиева

 
Main page Contacts Search Contacts Search