mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня218
mod_vvisit_counterНеделя222
mod_vvisit_counterМесяц6544
mod_vvisit_counterВсего740731

We have: 24 guests online
Ваш IP: 54.81.102.236
 , 
Сегодня: Июл 15, 2018
БҮБҮЙНА ӨМҮРЗАКОВНА ОРУЗБАЕВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА арналган “АКАДЕМИК БҮБҮЙНА ӨМҮРЗАКОВНА ОРУЗБАЕВНА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИ” аттуу илимий-конференция болуп өттү PDF Печать E-mail
29.04.2016 07:03

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү, академик, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Түркия лингвистикалык коомунун академиги, филология илимдеринин доктору, профессор БҮБҮЙНА ӨМҮРЗАКОВНА ОРУЗБАЕВАНЫН 90 ЖЫЛДЫГЫНА арналган “АКАДЕМИК БҮБҮЙНА ӨМҮРЗАКОВНА ОРУЗБАЕВНА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИ” аттуу илимий-конференция КРнын Улуттук илимдер академиясынын гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүндөгү, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан өткөрүлдү. Аталган конференцияда академик А.Э.Эркебаев баштаган окумуштуулар, профессорлор К.Т.Токтоналиев, С.Ж.Мусаевдер куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, илимдин докторлдору, профессорлор И.Абдувалиев, Б.Сагынбаева,С.Ибрагимов жана Ж.Осмоновалар илимий докладдарды жасашып, негизинен, төмөндөгүлөрдү белгилешти:

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү-академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Академик Бүбүйна Өмүрзаковна Орузбаева 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулуп, 2013-жылы 28-октябрда дүйнөдөн кайткан.

1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин ал 1951–54-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тил, адабият институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1954–56-ж. директордун илимий иштер боюнча орун басары, 1956–59-ж. грамматика секторуна башчы, 1959–62-жылдары директор, 1962–76-ж. ошол институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы болуп иштеген.

1976–87-ж. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору, 1987-жылдан Кыргыз Республикасынын ИАнын тил, адабият институтунда бөлүм башчы болуп турду. 1984-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ИАнын Президиумунун мүчөсү болгон. Анын илимий эмгектеринде азыркы кыргыз тилиндеги этиш сөз түркүмү, сөз жасоочу мүчөлөр, кыргыз тилинин грамматикасына, лексикология жана лексикография, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, мамлекеттик тил жана жалпы түркологиянын проблемалары чагылдырылган.

Б.Ө.Орузбаева – кыргыз тарыхында аялдардан биринчи илимдин доктуру болгон. Анын жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоого кошкон салымы зор, илимдин 8 докторун, 15 кандидатын даярдап чыгарган.

Б.Ө.Орузбаева 250дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 30 монография, сөздүктөр: анын 10у авторлош) автору. Алгачкы монографияларынын бири «Өткөн чактын формалары» (1953) деген эмгегинде кыргыз тилиндеги өткөн чакты берүүчү морфемдер жана алардын грамматикалык касиеттери изилденген. Ал эми «Кыргыз тилинде сөз жасоо» (1984) аттуу эмгеги кыргыз тилин изилдөөдө маанилүү эмгек болгон. Ал бир нече жолу эл аралык түркологиялык конгресстерге катышкан. Түркия лингвистикалык коомунун (Түркия, Анкара ш.) мүчөсү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984). Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы, Ардак грамоталары, жана Түркия Республикасынын “Лыйакат Нишаны” жогорку ордени менен сыйланган.

Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын башкы илимий кызматкери.

 
Main page Contacts Search Contacts Search