mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня221
mod_vvisit_counterНеделя462
mod_vvisit_counterМесяц17544
mod_vvisit_counterВсего791617

We have: 49 guests online
Ваш IP: 54.158.199.217
 , 
Сегодня: Сен 23, 2018
Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары илимий-практикалык конференцияга катышышты PDF Печать E-mail
29.04.2016 07:09

Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., доцент В.И.Мусаева Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүндөгү , Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган «Чыгаан окумуштуу, сынчы Салижан Жигитов жана кыргыз адабият таануусу» аттуу Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференцияда академиктер А.Эркебаев, А.Акматалиев, О.Ибраимов, окумуштуулар, адабиятчылар К.Жусупов, О.Сооронов, И.Жумабаев, А.Медетов, Т.Колдошов, С.Тиллебаев, А.Шерматов, К.Молдокасымов, К.Т.Токтоналиев, Разак Сейдилкановдор сөз сүйлөшүп, С.Жигитовдун белгилүү адабиятчы, таланттуу сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер катары портретин ачып беришип, негизинен, төмөндөгүлөрдү баса белгилеп айтышты:

- филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл жазуучусу С.Жигитов тил жана адабият институтунда сектор башчы, КРнын Президентинин кеңешчиси, КРнын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору, аталган окуу жайдын Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген;

- С.Жигитов алгачкы көп томдуу улуттук-универсалдуу энциклопедияны чыгарууга,энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирип, универсалдык, энциклопедиялык билими болгон;

- көркөм чыгарма, сын, макала, ыр, пародия жазып, Н.Хикметтин, М.Каримдин, А-де-Сент-Экзюперинин чыгармаларын, А.С.Пушкиндин «Балык жана балыкчы тууралуу» жомогун кыргыз тилине которуп, кыргыз тили менен орус тилин синтездеп иштеп чыгып, стилист, мыкты редактор болгон. «Окусаң акылдуу китеп оку» деп, К.Маркстын китептерин окуп чыккан;

- 1958-жылы 22жашында биринчи жолу макала жазган. Кийин бир макаласын таң атканча жазып отуруп, 90бетке чыгып кеткенде аны 9 бетке кыскарткан. Ал эми «Элегия» деген чыгармасын 40жыл оңдогон экен;

- Салижан Жигитов мектепте 5-класста окуп жүргөндө эле мектептин китепканасынан окубаган китеби калган эмес. Фрунзеде «№ 5мектепте окуйм» деп борборго кат жазып, ошондон улам № 5 мектепти окуп бүтүргөн;

- улут сынчысы катары ачуу чындыкты бетке тике айтып, кыргыздын ысырапкорчулугуна жаны ачып: «Кыргыздын туулмагы да азап, өлмөгү да тозок» деген сөзү эл арасына тарап кеткен.

- 2006-жылы 11-февралда көз жумган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө «мектептер жана окуу жайлар үчүн окуу куралдарын жазууну пландаштырып, тилекке каршы ал максаттары ишке ашпай калгандыгын арман кылып айткандыгын Р.Сейдилканов эскерип, ошондой эле, учурда С.Жигитовдун 5-6томдук эмгектеринин жыйнагын басмадан чыгаруу милдети алдыда тураарын белгилеп өттү ж.б.

 
Main page Contacts Search Contacts Search