mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня314
mod_vvisit_counterНеделя382
mod_vvisit_counterМесяц17157
mod_vvisit_counterВсего710877

We have: 50 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.162.184.214
 , 
Сегодня: Май 26, 2018
МАДАНИЯТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ: ТИЛ, АДАБИЯТ, КОТОРМО ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ОРДУ» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты PDF Печать E-mail
07.05.2016 13:21

Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., доцент В.И.Мусаева Эл аралык Ата Түрк Ала-Тоо университети КРнын улуттук илимдер академиясы жана Казакстандагы Сулейман Демирель университети менен биргеликте уюштурган «МАДАНИЯТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ: ТИЛ, АДАБИЯТ, КОТОРМО ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ОРДУ» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Аталган конференцияга АКШдан, Турциядан, Казакстандан, Өзбекстандан ж.б. чет өлкөлөрдөн илимпоздор, окумуштуулар келишип, англис, түрк жана орус тилдеринде кызыктуу баяндамаларды жасашып, суроолорго жооп кайтарышты.Америкадан келген окумуштуу дүйнөнүн он тилинде эркин баарлаша ала тургандыгын айтып, докладын таза кыргыз тилинде жасап, угармандарды таң калтырды.

В.И.Мусаева «Көп тилдүү коомдордо билим берүү системасы: негизги кыйынчылыктар жана жаңы көз караштар» аттуу секцияда « Кыргыз тилин жана кыргыз адабиятын көп тилдүүлүккө үйрөтүүнүн негизги өзөгү катары окутуунун башкы маселелери же жаңы муундагы окуу китептери тууралуу» аттуу темада мазмундуу доклад жасады жана суроолорго жооп кайтарды.

Педагогика илимдеринин доктору, доцент В.И.Мусаевага Эл аралык Ата Түрк Ала-Тоо университетинин сертификаты тапшырылды.

 
Main page Contacts Search Contacts Search