mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня250
mod_vvisit_counterНеделя292
mod_vvisit_counterМесяц13490
mod_vvisit_counterВсего767615

We have: 29 guests online
Ваш IP: 54.81.196.35
 , 
Сегодня: Авг 21, 2018
Эл баатыры” жана “Эл мугалими” наамдарына сунушталган окумуштуу PDF Печать E-mail
15.11.2016 12:02

4-ноябрда Бишкектеги жаштардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан «Кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастары – Кыргызстандын жаштарынын жарандык-патриоттук менталитеттин калыптандыруунун кубаттуу фактору» аттуу, белгилүү окумуштуу жана публицист Советбек Байгазиевдин 70 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция «Тарых жана маданият» жылы жөнөөдөгү өлкөнүн Президентинин жарлыгын жетекчиликке алуу менен уюштурулган. Конференцияга республиканын ар кайсы бурчтарынан келген мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окутуучулары жана студенттери, илимий мекемелердин кызматкерлери, улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, коомдук ишмерлер, жазуучулар, журналисттер, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Илимий жыйындын пленардык кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, философия, социология илимдеринин доктору, көрүнүктүү илимпоз жана коомдук ишмер Кусейин Исаев «Маданий мурастардын жаштардын жарандык сапаттарын калыптандыруудагы мааниси», Республиканын эл жазуучусу, кино искусство академиясынын академиги, Кыргыз драматургиясынын классиги, Манас таануучу Мар Байжиев «Манас» эпосу-муундардын рухий тиреги» аттуу мазмундуу докладдарды жасашты. Конференциянын секциялык иштери улуттук компьютердик гимназияда уланды. Окумуштуулар, мугалимдер 4 секцияга бөлүнүп, тарыхый-маданий мурастардын таалим-тарбиядагы маанисин жана ролун, ошондой эле, Советбек Байгазиевдин бул процесстеги эмгегин, салымын жана ордун кеңири талкуулашты. Жалпы маалымат бере кетсек, С.Байгазиев КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Россиянын Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын анык мүчөсү, КРнын Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, И.Арабаев атындагы сыйлыктын жана Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты, Нарын, Талас областтарынын Ардактуу атуулу. С.Байгазиев манас таануу, педагогика, методика, этика, адабият таануу публицистика, көркөм адабият, таалим-тарбия тармактары боюнча 80 китептин автору жана авторлошу. 500гө жакын газета - журналдык макалалардын ээси. Манас таануу боюнча 25 китепти жазып, билим-тарбия системасына жайылткан. С.Байгазиев “Окуучуларды жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” жана “Манас эпосунун мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутуунун концепциясын” түзүп, булар министрликтин коллегиясында кабыл алынган.

Конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбековдун көрүнүктүү педагог – аалым, манас таануучу, адабиятчы-сынчы жана публицист С.Байгазиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктоосу окулду. Ошондой эле, юбилярды жана конференцияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Т.А. Ашымбаева, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Мукаш Базаркулов, элдик акыйкатчы Турсунбек Акун, улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик А.А. Акматалиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Илимий жыйында республиканын ректорлор кеңешинин тєрагасы, Бишкек гуманитардык университетинин ректору А.И.Мусаев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Т.А. Абдрахманов, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, эл акыны Акбар Рыскулов, Конституциялык палатанын судьясы, акын Ж.Саалаев, Манас таануу институтунун директору, белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, Нарын мамлекеттик университетинин ректору Д.Өмүралиева, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору К.Токтоналиев, «Саякбай» эл аралык фондусунун төрагасы С.К.Ибраев, коомдук ишмер жана жазуучу А.Оморов, Жумгал районунун акими А.Сапаров жана башка белгилүү инсандар, ЖОЖдордун, коомдук уюмдардын, мектептердин өкүлдөрү С.Байгазиевге куттуктоо айтышып, анын педагогика, адабият таануу, манас таануу, публицистика көркөм чыгармачылык, таалим-тарбия тармактарындагы чаалыкпас көп кырдуу ишмердигин жана ийгиликтерин белгилеп көрсөтүштү. Социолог - философ Кусейин Исаев Советбек Байгазиевди Эл баатыры наамына көрсөтүүнү сунуштаса, акыйкатчы Турсунбек Акун окумуштууну Эл мугалими наамына сунуштады. Конференцияда Советбек Байгазиевге Бишкек гуманитардык университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» деген наамдары ыйгарылды. «Саякбай» эл аралык фондусунун, Эл аралык түрк академиясынын, «Ардактуу инсандар» коомдук бирикмесинин медалдары тапшырылды. «Манас» эпосундагы Каныкейдин образын терең изилдеп ачып бергендиги жана үгүттөгөндүгү үчүн Кыргызстан аялдар конгресси илимпоз-публицистке «Лидер» медалын ыйгарды. Ал эми атактуу акын Нурмолдонун агартуучулук ишмердигин изилдегендиги жана жайылткандыгы үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук депутаттар кеңешинин чечими менен аталган райондун «Ардактуу атуулу» наамы илимпозго берилди.

Маараке ээсине Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин, юридикалык академиянын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорлору, Республикалык профсоюз борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов өздөрүнүн жогорку бааларын жана куттуктоолорун жиберишкен. Бул фактылардын өзү С.Байгазиевдин кыргыз интелегенциясынын арасында илимий-чыгармачылык абройу бийик экенини айгинелейт.

Конференцияда С.Байгазиевдин манас таануу жаатындагы эмгектеринен сахналаштырган эпизоддор көрсөтүлүп, бул катышуучуларга чоң патриоттук таасир калтырды. Сахналаштырган көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ш. Алсейитова, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлмира Эсенгулова жетектеген «Ак шоола» балдар хорунун аткаруучулары, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин студенттери, актриса Ш.Сарыгулова, ырчы-өнөрпоз, филология илимдеринин кандидаты Садыкбек кызы Жайна катышты.

Конференцияны Кыргыз билим берүү академиясынын президенти жана академиги Абакир Мамытович алып барды.

Конференция мазмундуу жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде өттү. Илимий жыйындын акырында тиешелүү резолюция кабыл алынды.

Рахила Умарова

Филология илимдеринин кандидаты

 
Main page Contacts Search Contacts Search