mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня627
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц18063
mod_vvisit_counterВсего711783

We have: 38 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.80.82.9
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
Профессор C. Байгазиевдин 70 жылдык маракесине арналган республикалык конференциянын уюштурулушу жана жүрүшү тууралуу PDF Печать E-mail
15.11.2016 12:17

Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КББАнын вице-президенти С.О.Байгазиевдин 70 жылдык маракесин белгилөө тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин атайын буйругу чыккан.

Ал буйрукка ылайык, аталган маракени өткөрүү боюнча КББАда атайын буйрук менен 17 адамдан турган жумушчу тобу түзүлгөн. Топтун жетекчиси- С.Рысбаев, орун басары- профессор Д.Бабаев, катчысы-Б.Абдухамидова болуп дайындалган.

Жумушчу топ маракени өткөрүү боюнча ушул жылдын март айынан бери иш жүргүзүп келди, т.а.: иш план түзүлүп, аткарыла турган иштер белгиленге, жумушчу топтун ар бир мүчөсүнө аткарыла турган жумуштар бөлүштүрүлүп, иш ошол план боюнча жүрүп келди.

Адегенде, конференциянын темасы такталып, жер-жерлерге Маалыматтык каттар таркатылды. Андан соң келген докладдар иргелип, алар тематикага бөлүштүрүлүп, программа түзүлдү.

Мараке өткөрүлүүчү жайга жана ММКларга КББАнын атынан каттар жазылып, алар өз убагында макулдашылган.

Маракенин программасы КББАнын эсебинен каржыланып чыгарылып, чакыруулар мекемелерге жана чакырылуучу меймандарга жеткирилди.

Баннерлерге ураан жызылып, мараке ээсинин портрети чыгарылды.

Маараке өтөр күнү С.Байгазиевдин эмгектеринин кенен көргөзмөсү «Сейтек» борборунун фойьесинде уюштурулду.

Маараке өзүнүн бекитилген мөөнөтүндө, дайындалган жайда, Республикалык «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда болуп өттү.

Пленардык жыйын жана куттуктуктоолордон кийин №5 УКГда секциялык иштер улантылды.

Конференцияда төрт секция белгиленген. Алар:

1-секция: Гуманитардык багыттагы окуу предметтерин окутуу жана тарбия маселелери;
2-секция: Маданий мурастардын, илим-билимдин жаштардын жарандык жана интеллектуалдык сапаттарын калыптандыруудагы мааниси;
3-секция: С.Байгазиев-этнопедагог жана Манас таануучу;
4-секция: С.Байгазиев – публицист жана адабият таануучу.

Программага аталган секцияларга ылайык 78 доклад киргизилген. Секциялык иштерге 47 адам катышып, докладдарын окушту.

Жыйынтыктоочу пленардык чогулуш аталган гимназияда өттү жана анда секция башчылары жыйынтык малыматтарды беришти. Алардын маалыматтарында докладдардын мазмундуу болгондугу белгиленүү менен, бир катар сунуштар айтылган.

Тактап айтканда, ал сунуштар т өмөндөгүлөр:

  1. Кыргыз элинин элдик педагогикалык ойлорунун антологиясын эгемендүүлүктүн шартына ылайыктап кайра түзүү;
  2. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин окуу программаларына филол. и.д., профессор С.О.Байгазиевдин публистикалык, Манас таануу жана этнопедагогикалык маанайдагы эмгектерин киргизип, студенттердин окуп-үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү;
  3. С.Байгазиев түзгөн Тарбия концепциясын жана жаштарга адептик-ыймандык тарбия берүү багытындагы, айрыкча, «Манас таануу» жана «Иниме кат» аттуу публицистикалык чыгармаларын жетишерлик санда басмадан чыгарып мектеп мугалимдерине жеткирүү, август конференцияларында жана мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарында кеңири талкуулап, жалпыга таркатуу;
  4. С.Байгазиевдин эмгектери учурда мектеп мугалимдери жана ЖОЖдор, ал тургай жалпы эле кыргыз маданиятына кызыккан коомчулук тарабынан оң бааланып жаткандыктан, аларды интернет-сайттарга жайгаштыруу, аларды окуп-үйрөнүүнүн заманбап мүмкүнчүлүгүн түзүү;
  5. Кыргыз педагогика илимине кошкон ушундай алгылыктуу жана бараандуу эмгектерин эске алып, профессор С.О. Байгазиевди Кыргыз Эл мугалими деген ардактуу наамга көрсөтүү.

Ушундай сунуштар менен катар эле, төрт секциядан мыкты деп аталган докладдар КББАнын Кабарларына сунушталды.

Конференциянын өтүшү жана С.О.Байгазиев туурасында КТРда, ЭлТРда атайын репортаждар көрсөтүлдү .

Конференцияны өткөрүүгө жакшы кызмат кылган 6 адамга академиянын админстрациясы тарабынан алкыш жарыяланды.

Конференцияны өткөрүү боюнча уюштуруу
тобунун жетекчиси С.Рысбаев

 
Main page Contacts Search Contacts Search