mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня618
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц18054
mod_vvisit_counterВсего711774

We have: 34 guests online
Ваш IP: 54.80.82.9
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
Кыргыз тилин үйрөнүүгө арналган сайттын бет ачары болду PDF Печать E-mail
25.11.2016 10:33

2016-жылдын 21-ноябрында «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан кыргыз тилин үйрөнүүгө арналган сайттын бет ачары болду. Сайт орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окуткан мугалимдерге жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле сайттын материалдарын кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүүнү каалагандар да колдоно алышат. Аталган сайтка жайгаштырылган 1-8-класстарга кыргыз тилин үйрөтүү үчүн мультимедиалык материалдар төмөнкүдөй темаларга бөлүнгөн.

  1. Кыргызстандын тарыхы
  2. Кыргызстандын маданияты
  3. Кыргызстандын жаратылышы
  4. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы
  5. Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү
  6. Кыргыз элинин каада-салты
  7. Кыргыз элинин ырлары
  8. Кыргыз элинин улуттук оюндары
  9. Улуттук тамак-аштары

Учурда Кыргыз билим берүү академиясынын “Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер” кафедрасы менен биргеликте “ Таалим форум” коомдук фонду билимин өркүндөтүүгө келген мугалимдерге сайт жөнүндө маалымат берип, аны колдонуу боюнча тренингдер уюштурулууда.

Аталган программадагы ар бир темада тилге үйрөнүүнүн негизги ыкмалары: сүйлөшүү, угуу (кепти түшүнүү), окуу жана жазуу колдонулат. Турмушка байланыштуу тексттер, оюндар, макал-лакаптар, крассворддор, кырдаалдык сүйлөшүүлөр да берилет. Бул ыкмалар оозеки кепти өстүрүүдө натыйжалуу каражат болуп саналат.

Бет ачарда «Таалим-Форум» коомдук фондунун ишмердигинин багыттары, сабактардын материалдарын даярдоо, аны сынактан өткөрүү процесси тууралуу кеӊири сөз болуп, материалдардын айрымдары катышуучуларга көрсөтүлдү.

Мугалимдерге жардам иретиндеги материалдар кыргыз жана орус тилдеринде даярдалып, анда тексттер, аудио уктуруулар, видеолор, сүрөттөр, графикалар бар. Алар балдардын материалдарды өздөштүрүүсүн эске алуу менен анимацияланган жана ага абдан мыкты материалдар топтолгон. Учурда Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборунун методисттери менен биргеликте мектеп мугалимдери үчүн тренингдер уюштурулуп өткөрүлө баштады.

Бет ачардын аягында катышуучулар материалдар тууралуу ой пикирлерин, сунуштарын айтышып, сабактарында жана класстан тышкаркы сааттарда колдонууга боло тургандыгын тастыкташып, «Таалим-Форум» коомдук фондуна чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Материалдар менен «Таалим-Форум» коомдук фондунун www.taalimforum.kg, www.taalim.lib.kg, http://kyrgyztil.taalimforum.kg сайттарынан таанышууга болот.

КББАнын Мектепке чейинки жана мектептик
билим берүү лабораториясынын
илимий кызматкери: Н.К. Баимбетова

 
Main page Contacts Search Contacts Search