mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня361
mod_vvisit_counterНеделя1433
mod_vvisit_counterМесяц18627
mod_vvisit_counterВсего648662

We have: 6 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.227.104.53
 , 
Сегодня: Фев 23, 2018
Борбордук Азияда базалык билим берүүнү колдоо PDF Печать E-mail
06.12.2016 12:01

23-25-ноябрда Ысык-Көл обулусунда «Борбордук Азияда базалык билим берүүнү колдоо» аймактык программасынын Кыргызстандагы экинчи компонентинин алкагында Германиянын техникалык кызматташтык уюмунун (GIZ) 2009-2016-жылдардын аралыгында «Технология» (эмгекке үйрөтүү) предметинин мазмунун жаңылап тейлөөнү жакшыртуу боюнча жыйынтыктоочу семинарын өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин, кесиптик орто окуу жайларынын педагогикалык колледждердин жана ушул багыттагы кесиптин ээлерин даярдаган жогорку окуу жайларынын мугалимдери катышышты. Жер жерлердеги пилоттук мектептерде техникалык жана эмгекке тарбиялоо багытында жүргүзүлүп жаткан эксперименталдык иштер менен тааныштык.

Семинарда Германиянын техникалык кызматташтык уюмунун (GIZ) жети жылдын аралыгында Технология предмети боюнча жүргүзүлгөн алгылыктуу иштер, жетишилген ийгиликтер жана келечекте аткарылуучу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Технология предмети боюнча жаңы түзүлгөн предметтик билим берүүнүн стандарты, окуу программасына жана ага ылайык 5-6-класстары үчүн окуу топтомдорун (окуучулар үчүн окуу китебин, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор) жаңы муундагы окуу куралдарын түзүүгө болгон маселелер кеңири талкууланды.

ага илимий кызматкер Акматов Д.А

 
Main page Contacts Search Contacts Search