mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня269
mod_vvisit_counterНеделя292
mod_vvisit_counterМесяц13509
mod_vvisit_counterВсего767634

We have: 48 guests online
Ваш IP: 54.81.196.35
 , 
Сегодня: Авг 21, 2018
Кыргыз билим берүү академиясында КР Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда талкуу болуп өттү PDF Печать E-mail
16.01.2017 11:27

2017-жылдын 13-январында Кыргыз билим берүү академиясында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда талкуу болуп өттү.

Талкууга КР ЖКнын депутаттары: Садык Шер-Нияз, К.Иманалиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинен Б.Жанболотов., И.Арабаев ат. КМУнун окутуучулары, К.Карасаев ат. БГУнун окутуучулары жана КББАнын жалпы кызматкерлери катышышты.

Талкуунун максаты кыргыз адабий чыгармалардын, спектакльдердин, фильмдердин тизмесин мектептерге окутууну талкуулоо болчу.

Себеби, Кыргыз билим берүү академиясына 2016-жылдын декабрь айында КР Жогорку Кеңешинин каты келип түшкөн.

Аталган каттын мазмунунда 2016-жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышына байланыштуу дүйнөлүк тажрыйбаны жетекчиликке алып, орто билим берүүчү мектептерге демилге ирээтинде окуучулардын аң сезимине, ой жүгүртүүсүнө оң таасирин тийгизе турган адабият, театр жана кино искусствосунун чыгармаларынын тизмеси сунушталган.

Сунушталган тизме КББАнын администрациясы, технология жана искусство лабораториясы тарабынан каралып чыккан. Жыйынтыгында, академия отурумду уюштуруп, бул маселени талкуулоону чечкен.

Талкууда депутат Садык Шер-Нияз, К.Иманалиев өздөрүнүн ойлорун ортого салышып, бул идеянын келип чыгышы тууралуу билдиришти.

Андан соң КББАнын Вице-президенти С.О.Байгазиев бул маселенин көтөрүлүп жатышы зарылчылыктардын бар экенин белгилеп, тизмедеги чыгармалардын көпчүлүгү программада бар экендигин жана алардын окутулуп келе жаткандыгын белгиледи. Ал эми Жалпы билим берүүчү мектепте инсандын ар тараптан өнүгүшүндө музыкалык, эстетикалык жана руханий-адептик тарбияны калыптандыруунун негизин түзүүгө музыкалык чыгармалардын таасири күчтүү экендигин да айтып өттү. Ал эми адабият, кино, музыка жана көркөм сүрөт искусстволору боюнча жогорудагы чыгармалардын көпчүлүгүнүн окуу программаларга кирбей калышынын бир себеби, Базистик окуу планда каралган сааттардын аздыгы экендигин белгиледи.

Талкууда КББАнын бир топ кызматкерлери сөз сүйлөшүп, кыргыздын күүлөрүнүн, обондуу ырларынын тизмесин түзүү да зарыл деген ойлорун ортого салышты.

Жыйынтыгында, аталган отурумда КР ЖК депутаттары тарабынан сунуш кылынган чыгармаларды карап чыгып, тандалып алынган чыгармалардын, фильмдердин, спектакльдердин, күүлөрдүн, манасчылардын тизмесин түзүп, жалпы билим берүүчү мектептерге окутууга сунуштоо чечими кабыл алынды.

 
Main page Contacts Search Contacts Search