mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня82
mod_vvisit_counterНеделя423
mod_vvisit_counterМесяц9438
mod_vvisit_counterВсего846266

We have: 82 guests online
Ваш IP: 54.82.73.21
 , 
Сегодня: Ноя 16, 2018
Башталгыч мектептеги предметтер боюнча иштелип чыккан мультимедиалык каражаттарды колдонуунун электрондук сайтынын бет ачары PDF Печать E-mail
15.09.2017 06:18

Башталгыч мектептеги предметтер боюнча иштелип чыккан мультимедиалык каражаттарды колдонуунун электрондук сайтынын бет ачары

2017-жылдын 12-сентябрында КББАнын жыйындар залында “ Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан башталгыч мектептеги предметтер боюнча иштелип жаткан мультимедиалык каражаттарды колдонуунун электрондук сайтынын бет ачары болуп өттү. ( Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript )

“Таалим- Форум” коомдук фондунун иши негизинен 3 фазадан турат. Биринчи фазасында – балдар үчүн жетиштүү деңгээлде мультимедиалык каражаттарды колдонуу тууралуу маалымат берилди. Башталгыч класстарда кыргыз тили, орус тили, математика, англис тили, мекен таануу, музыка, сүрөт предметтеринде мультимедиалык каражаттарды колдонуу окутуу процесссинин ажырагыс бир бөлүгү катары материалдар менен тааныштырды. Жогоруда айтылган мультимедиалык методикалык комплекстерде: мультфильм көрүү, аудио китеп менен иштөө, боёмо китеп менен иштөө, угуу тасма менен иштөө, видео тасма менен иштөө, жазуу иштери, сүрөт тартуу, музыкалык ыр-күүлөр, оюндар, куурчак театрын көрүү сыяктуу бир канча бөлүктөрдөн турат. Окуучунун өз алдынча иштөөсүнө мугалимдин, ата-эненин, чоңдордун жардамы менен жогорудагы максат–милдеттерди ишке ашырып, тиешелүү натыйжаларга жетүүгө багыт берет.

Учурда балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгарылган китептер өлкөбүздө жетишсиз экени баарыбызга белгилүү. Алыскы аймактарда балдарга арналган сапаттуу китептер жетишпейт жана жокко эсе. Ошол эле мезгилде азыркы балдар Интернет мейкиндигине тез сүңгүп киришүүдө. Бул максатта “Таалим-Форум” фондунун кыргыз тилиндеги электрондук китептерди түзүү аркылуу балдардын аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталаган билим берүүчү китептерди Интернет мейкиндигине жайгаштыргандыгы эң жакшы саамалык болду.

“Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан чыгарылган түстүү китептер, боёмо – китепчелер анимация жана аудио элементтери менен коштолуп өзүнчө иштелип сайтка коюлган. Каалоочулар бардык китептерди эркин ачып көрүүгө, орус жана кыргыз тилинде аларды Android жана Windows менен жүктөп алууга ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт .

Аталган интернет – ресурс балдарга, өспүрүмдөргө, жаштарга, билим берүү тармагындагы эмгектенген адистерге жана да жалпы коомчулукка зор кызыгуунупайда кылат деген ишеничтебиз.

Бет ачардын аягында катышуучулар башталгыч класстардагы предметтер боюнча мультимедиалык каражаттарды колдонуу, анын келечеги тууралуу ой пикирлерин, сунуштарын айтышып, «Таалим-Форум» коомдук фондуна чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Кыргыз тилиндеги бардык материалдарды «Таалим-Форум» коомдук фондунун www.taalimforum.kg, , www.mektep.on.kg,, http://taalim.lib.kg,

 
Main page Contacts Search Contacts Search