mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня372
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц17808
mod_vvisit_counterВсего711528

We have: 58 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.166.172.180
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
Балдар бакчасында балдарды мамлекеттик тилге үйрөтүүнүн проблемалары PDF Печать E-mail
03.10.2017 04:55

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамына ылайык кыргыз тилин, эгемендүү мамлекетибиздин негизги тили катары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан (мындан ары МЧББУ) баштап окутуп үйрөтүү, учурда өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү.

Көп улуттуу мамлекетибизде кыргыз тилин экинчи тил катары кенже курактан баштап ынтаа коюп балдарга үйрөтүүнүн зор мааниси бар экендиги улам убакыт өткөн сайын айкын боло баштады. Анткени, мектепке чейинки курактагы баланын сенсордук жактан өнүгүүсү, акыл-сезимдери, кыймыл аракети, сүйлөө аппараттары тез өркүндөп, 3-4 жаш курактагы бала коммуникативдик көндүмдөргө ээ боло баштайт. Бала өз эне тилинде эркин сүйлөй баштаган 4-5 жаш курагынан баштап өз эне тили менен катар бөтөн тилде да жетиштүү деңгээлде мамилелешүүгө үйрөтүү кош тилдүүлүккө карай, көп маданияттуулукка карай жасалган алгачкы кадамдардан болуп эсептелет. Көп улуттуу балдар тарбияланган МЧББУда кыргыз тилине үйрөтүүнүн максаты: балдарды кенже курактан баштап өз туулган жерин сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо, кыргыз элинин маданияты, каада салты менен тааныштыруу, кыргыз тилинде тилинде сөз байлыктарын өстүрүү, жөнөкөй сүйлөшүү, кеп ишкердүүлүгү боюнча көндүмдөрүн калыптандыруу.

Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” (2009) мыйзамынын тиешелүү принциптери, “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартында каралгандай окутуп-тарбиялоо орус тилиндеги МЧББУда ортоңку тайпадан баштап 2 сабактан кыргыз тили киргизилип, тайпадагы балдарды эки кичи топторго бөлүү менен окуу-тарбия ишке ашырылууда. Ар бир жаш курак үчүн программалык талаптардын мазмуну, кварталдарда белгиленген темалар так аныкталган.

Балдар бакчаларында ортоңку тайпадан баштап балдарды кыргыз тилине үйрөтүү боюнча атайын чөйрөнү түзүү менен бирге төмөндөгүдөй методологиялык багыттарда окуу-тарбия иштери жүргүзүлүүдө:

– тилди адамдардын өз ара карым-катышынын куралы катары үйрөтүү (коммуникациянын куралы катары);

– тилди улуттук маданиятты таануунун жана тарбия каражаты катары үйрөтүү (каада-салт, үрп-адат, таалим-тарбияга багытталган элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн окуу-тарбия иштеринде активдүү пайдалануу);

– инсанды калыптандырууда тилди өнүктүрүүнүн каражаты катары: ата-эне, чоң ата, чоң эне жана коомчулукту катыштыруу менен иш алып баруу;

–инсандын социалдык-турмуштук талаптарын канааттандыруу куралы катары тилди колдонуу: курчап турган чөйрөнүн ролун өркүндөтүү жана баланы чөйрөдө социалдашууга үйрөтүү.

Тил үйрөтүүнүн механизми балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык бардык улуттун балдары үчүн бирдей болот.

Ошондуктан, окуу-тарбия иштери орус тилинде жүргүзүлгөн МЧББУларда кыргыз тилин бөтөн тил катары үйрөтүү процессин өркүндөтүүдө башка тилдерди бөтөн тил катары үйрөтүүнүн дүйнөлүк масштабда таанылып, калыптанып калган усулдук табылгаларын чыгармачылык менен пайдалануу максатка ылайык келет. Кыргыз тили боюнча сабактын негизги милдети болуп, балдарды кыргызча сөздөрдү түшүнүп, эң жөнөкөй кырдаалда сүйлөшүү ыкмаларына үйрөтүү болуп саналат.

Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуп үйрөтүүнү уюштурууда комплекстүү тарбия, билим берүү жана окутуунун биримдиги эске алынат. Тилди өздөштүрүү аркылуу балдар адамдар, айлана-чөйрөдөгү кубулуштар, жаратылыш, убакыт, дене тарбия, жыл мезгилдери, жер-жемиш, улуттук тамак - аш, улуттук кийим –кече, кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, руханий маданияты жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейтишет. Кызыктуу, мазмундуу интерактивдүү ыкмалар аркылуу уюштурулган сабактар гана балдардын тил чөйрөсүнө сүңгүп киришине, тилге болгон кызыгууларын, каалоолорун калыптандырууга, балдардын жалпы өсүп-өнүгүшүнө, көп маданияттуулукка, толеранттуулукка тарбиялоого шартты жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мамлекеттик тилди үйрөнүү аркылуу балдар мекенчилдике тарбияланат, интернационалдык сезимдери ойгонуп, кыргыз тилине болгон кызыгуулары артып, эске тутуу, көңүл буруу, кыялдануу, ой жүгүртүү жана башка жөндөмдүүлүктөрү өркүндөйт.

Тилге үйрөтүүдө бакчада түзүлгөн чөйрөнүн мааниси өзгөчө экендиги талашсыз. Балдар бакчасынын короосуна киргенден баштап эле бала, ата-эне айлана-чөйрөсүндөгү жасалгалоого көңүл бурушат. Ошондуктан ар бир бакчанын педагогтору тыштагы жана имараттын ичиндеги жана тайпалардагы жасалгаларына, анын мазмунуна тыкыр көңүл буруп, балдарга түшүнүктүү, кабыл алууларына жеңил болгон, мамлекетти, маданий баалуулуктарды чагылдырган жана биримдикке, ынтымак-достукка чакырган көрсөтмө каражаттарды колдонушат. Тайпаларда уюштурулган кыргыз тили бурчтарында, кыргыз тили кабинеттеринде окуу усулдук каражаттар менен катар, жандуу коммуникативдик жагдайларды түзүүгө ылайыкталган улуттук маанайдагы оюнчуктар, буюмдар, көрсөтмө каражаттар жана оозеки аткарылуучу көнүгүүлөрүнүн үлгүлөрү болушу зарыл. Балдарга тил үйрөтүүдө мектепке чейинки мезгилдеги негизги ишмердүүлүктөн болгон оюн, оюн ыкмалары сабактарда, күндөлүк ар кандай ишмердүүлүктөрдө активдүү пайдаланылат.

Баланын кебин өстүрүүдө негизги дем берүүчү күч болуп, активдештирүүчү чөйрө эсептелет. Балдардын сабактан алган билимдерин бекемдөө үчүн кыргыз тили мугалими тарбиячы менен биргелешип сейилдөө, көңүл ачуу, кыймылдуу жана сюжеттүү-ролдук оюндарды, маданий гигиеналык тапшырмаларды, эмгекке тарбиялоо ишмердүүлүктөрүн график боюнча тайпаларда кыргыз тилинде уюштурса, мамилелешүүгө, баарлашууга, түшүнүктөрүн бекемдөөгө жакшы чөйрө түзүлөт. Сабакта алган билимдерин бекемдөө үчүн кыргыз тили мугалими, музыка мугалими менен биргелешип балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык тандалган чыгармалар боюнча театралдашкан сюжеттүү сабактарды уюштурат (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы жана ата-энелерди катыштырып куурчак, манжа, көлөкө театрлары, майрамдык ар кандай көңүл ачуулар, сюжетүү-ролдук оюндар ж.б.). Мындай учурларда ата-энелердин тилге болгон кызыгуулары артып, балдар жана тарбиячылар менен кыргызча мамилелешүүлөрүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Сабак өтүлүүчү кабинеттерди улуттук маанайда жасалгалап, кыргыздын улуттук буюмдарын, үй эмеректерин, кийим-кечесин, тамак-ашы, музыкалык аспаптарынын көрсөтмө-үлгүлөрүн жайгаштыруу жана кыргызстандын кооз жаратылышы, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү чагылдырылган альбомдордун топтому жайгашкан бурчтун же кыргыз бөлмөсүнүн болуусу зарыл. Буюмдарды, сүрөттөрдү пайдаланып балдар бири-бири менен баарлашат, мамиле түзүшөт, биргелешип оюн уюштурууга жана аларды туура атап, туура пайдаланууга үйрөнүшөт.

Балага кайсы чөйрө жакыныраак? Мисалы: өздүк жана күндөлүк турмуш-тиричилик, оюн, окуу-билим, коомдук –маданий, кесиптер жана эмгек чөйрөсүн чагылдырган учурлар.

Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуу ата-энелер менен биргелешип, максаттуу иш жүргүзгөндө гана ийгиликтерге жетишет. Ар бир ата-эне балдарынын бакчада кандай сөздөр, ырлар, жомоктор жана оюндар менен таанышкандыгын мугалимден сурап, кызыгып, мүмкүн болсо сабактарга, тарбия иштерине катышып, балдар менен үйдөн кайталап, кыргыз тилинде теле, радио берүүлөрдү, мультфильмдерди биргелешип көрүп, аңгемелешсе жана театрларга барышса жакшы натыйжаларга жетишүүгө болот.

Жогорудагы талаптардын толук аткарылышы үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген баардык адистер менен да кыргыз тилин өздөштүрүү иштерин жөнгө салуу да ийгиликке жетүүгө шарт түзөт. Жуманын же айдын бир күнүн “Бүгүн биз кыргызча сүйлөшөбүз” деген чакырык жарыялоо “Манас” баатыр жөнүндө аңгемелешүү, манас айттыруу, акыл-насаат, сый-урмат жөнүндөгү макал-лакаптарды колдонуу, белгилүү инсандар менен тааныштыруу жана сүрөттөрүн тайпалардын көрүнө жерлерине илип коюу, чыгармаларды балдарга окуп берүү, маанисин түшүндүрүү, музыкалык сабакты уюштуруу, кыргыз элинин каада салты менен тааныштыруу, аңгемелешүү жана тайпалардын аталыштарын, ар кандай көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде жазып коюу да жакшы натыйжасын берет.

Бул багытта Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүү лабораториясында балдар бакчаларында кыргыз тилин үйрөтүүнү жакшыртуу максатында мугалимдер үчүн программада иштелип чыккан, анда максаттар, милдеттер, лексикалык минимумдар, сөздүктөр балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык берилген. Усулдамалар жана сабактардын иштелмелери иштелип чыккан: “Балдар бакчасында балдардын эне тилин өстүрүүнүн методикасы” (К.С.Сейдекулова), “Балдар бакчасында музыкалык тарбия берүүнүн методикасы” (Ж. Дуйшеналиев, К.Сейдекулова, Л. Усенко), “Балдар бакчасынын орус тайпаларында кыргыз тилине үйрөтүүнүн методикасы” (К.С.Сейдекулова, С.К.Рысбаев) жана “Орус тилиндеги балдар бакчаларында кыргыз тилине үйрөтүү боюнча сабактардын иштелмелери” (К.С.Сейдекулова, Т.О. Алыбаева) - мамлекеттик тил комиссиясынын каржылоосу аркылуу басмадан 2016-2017-жылы чыккан. Колдонмолор мектепке чейинки жаштагы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык кыргыз тилине үйрөтүүнүн лексикалык, грамматикалык, фонетикалык жана коммуникативдик минимумдарын сактоо менен иштелип чыккан. Негизги максаты Кыргызстанда жашап жаткан бардык улуттагы атуулдардын балдарын кенже курактан баштап, мамлекеттик тилди сыйлоого, урматтоого, кыргыз тилинде эркин сүйлөөгө жана бири-бири менен баарлашууга, мамилешүүгө үйрөтүүдө кыргыз тили мугалимине жардам берүү.

Мектепке чейинки курактан баштап балдардын кыргыз тилине болгон кызыгууларын жана ага болгон мамлилелерин калыптандыруу, бул балдардын мектепте ийгиликтүү окуп-үйрөнүшүнө карата болгон психологиялык жактан даярдык да болуп эсептелет. Ошондуктан, МЧББУда кенже курактан баштап мамлекеттик тилибизди үйрөнүүнү жогорку деңгээлге көтөрсөк, башталгыч мектепте уланмалуулукту сактоо менен өркүндөтсөк, тил үйрөнүүгө жакшы фундамент түзүлөрү талашсыз.

Балдар бакчасында кыргыз тилин балдарга үйрөтүүнү жогорку деңгээлге көтөрүүдө мугалимдин колунда жаш курактарына ылайык көркөм жасалгаланган окуу-методикалык каражаттар жок же жетишсиз болсо, билимдери туура келбесе, ийгиликке жетүүдө кыйынчылыктар болот.

Балдар бакчасынын орус тилдүү тайпаларындагы балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдө төмөнкүдөй проблемалар чечилсе ийгиликке жетүүгө шарт түзүлөт:

-орус тилдүү балдар бакчаларында кыргыз тилине үйрөтүү боюнча концепцияны жана стандартын иштеп чыгуу;

– балдар бакчаларында эмгектенген кыргыз тили мугалимдерин-Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда курстардан өткөрүү;

– жогорку окуу жайларда окуу-тарбия иштери орус тилинде жүргүзүлгөн балдар бакчалары жана мүмкүнчүлүгү чектелген бакчалардагы балдарды кыргыз тилине үйрөтүү боюнча кыргыз тили мугалимдерин даярдоо (же жогорку билимдин базасында мугалимдер үчүн атайын (кошумча) дистанттык билим берүүнү уюштуруу жана кыргыз филология факульттеринде учурда билим алып жаткан студенттерге балдар бакчаларында кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча атайын спец курстарды уюштуруу жана сертификат тапшыруу;

–дидактикалык материалдарды иштеп чыгуу жана аларды басмадан чыгарууну мамлекеттик деңгээлде каржылоону чечүү;

–санитардык-гигиеналык, педагогикалык талаптарга жооп берген, тематикалык предметтүү жана сюжеттүү сүрөттөрдүн топтому, пазылдар, мультимедиялык, аудиовизиуалдык, анимациялык окуу-методикалык көрсөтмө каражаттарды иштеп чыгуу ж.б.;

– баарлашуунун ар кандай коммуникативдик формаларын активдүү пайдаланууга керектүү чөйрөнү жана шарттарды түзүү боюнча иллюстрацияланган методикалык колдонмону иштеп чыгуу;

– балдарды кыргыз тилине үйрөтүүдө ар бир тайпа үчүн жылдын аягында күтүлүүчү көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу.

КББАнын мектепке чейинки жана 
башталгыч мектептик билим берүү 
лабораториясынын башчысы
п.и.к., доцент Күлсүн Сейдекулова

 
Main page Contacts Search Contacts Search