mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня14
mod_vvisit_counterНеделя497
mod_vvisit_counterМесяц16847
mod_vvisit_counterВсего646882

We have: 6 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.227.48.147
 , 
Сегодня: Фев 22, 2018
Кыргыз тилин үйрөтүүнүн жаңы багыттары боюнча мугалимдер үчүн семинар PDF Печать E-mail
03.10.2017 05:05

Кыргыз Билим берүү академиясынын мамлекеттик тил жана көп тилдүү билим берүү лабораториясынын башчысы, п.и.д., профессор Сулайман Рысбаев 27,29-сентябрь күндөрү Кара-Балта менен Кант шаарынын, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн методикалык семинар өтүп келди.

Семинарда кыргыз тилин жалпы билим берүүчү орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептерде экинчи тил катары үйрөтүүнүн жаңы концепциясы, жаңы стандарты жана жаңы программасы тууралуу кеңири сөз болду. Ал аталган окуу –нормативдик материалдар негиз болгон кыргыз тилин үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары менен таанышышты. Атап айтканда, профессор С.Рысбаев тил үйрөнүүнүн Европа стандартынын негизинде иштеп чыккан кыргыз тилин үйрөтүүдөгү деңгээлдик ыкмасы, анын талаптары, сүйлөшүү чөйрөлөрү жана анын мүнөздөмөсү, кыргыз тилине үйрөтүүнүн муктаждыктары (дескрипторлор), тил үйрөнүүдөгү максаттар (интенциялар), ар бир деңгээлдерге жараша окуучулардын тил билүүсүн текшерүү шкаласы (баалоо шкаласы) боюнча мугалимдерге түшүндүрдү.

Атап айтканда, мугалимдер А1 деңгээли- 1-4-класстар, А2 деңгээли- 5-9-класстар жана В1 деңгээли – 10-11-класстар болору тууралуу маалымат алышып, ал деңгээлдердин талаптары менен аларга жараша түзүлгөн окуу материалдарынын тематикасы менен таанышышты.

Кыргыз тилин үйрөнүүдөгү маанилүү нерсе-албетте, булл лексикалык минимум, анын көлөмү. Семинарда мугалимдер окуу планындагы кыргыз тили предметинин окуу көлөмүнүн негизинде ар бир деңгээлдин лексикалык минимумунун көлөмү тууралуу талкуулашты.

Семинарда 1-4- -класстын (А1 деңгээлинин) жаңы программасы (түзгөндөр: С.Рысбаев, Н.Жусупбекова, А.Оморова) талкууга коюлду, анда мугалимдер программа тууралуу өздөрүнүн оң көз караштарын билдиришти.

Негизинен, бул семинарда кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүдөгү жаңы башталыштар тууралуу кызыктуу талкуулар жүрдү жана бир айдан кийин кайрадан жолугушуп, бир жыйынтыктуу пикирлер айтылары тууралуу пикирге келишти.

(Сүрөттөрдө: Кара-Балта жана Жайыл районунун кыргыз тили, адабияты мугалимдери жана С.Рысбаев)

КББАнын мамлекеттик тил жана көп тилдүү
билим берүү лабораториясынын башчысы, 
п.и.д., профессор Сулайман Рысбаев

 
Main page Contacts Search Contacts Search