mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня312
mod_vvisit_counterНеделя382
mod_vvisit_counterМесяц17155
mod_vvisit_counterВсего710875

We have: 50 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.162.184.214
 , 
Сегодня: Май 26, 2018
Анкарада эл аралык симпозиум жана Стамбулда Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган иш-чара өттү PDF Печать E-mail
17.10.2017 04:10

Туркиянын Анкара шаарына жакын Чубук районундагы «Анкара Йылдырым Беязит» университетинде 2017-жылдын 5 – 7-октябрында Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ менен Чубук администрациясы биргелешип уюштурган «Чубук жана анын аймагы» аттуу эл аралык симпозиум экинчи жолу өткөрүлдү. Симпозиумга Туркия Республикасынын түрдүү аймактарынан келген окумуштуулардан сырткары Кыргызстандан, Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Азербайжандан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (Түндүк Кипр) окумуштуулар келип катышып, Чубукка, Туркиянын тарыхына, өнүгүү багыттарына байланыштуу илимий макалалар окулду.

Кыргыз Республикасынан барган Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөр», Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов «Чубук – даңазалуу шаар», манасчы Рысбай Исаков «Манас» эпосундагы биримдик темасы» аттуу баяндамалар менен чыгышты. Симпозиум 3 күнгө созулуп, анда кызыктуу баяндамалар окулуп, талкуулар уюштурулду.

Кыргыз Республикасынан барган манасчы Рысбай Исаковдун «Манас» айтуусу симпозиумдун катышуучуларынын зор кызыгуусун жаратты.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметовдун «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөр» аттуу баяндамасында Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүсүндөгү кийинки кездеги өзгөрүүлөр тууралуу айтылып, мындан аркы өнүктүрүү багыттары жана бул жаатта Туркия Республикасы менен кызматташуу маселелери талкууга коюлду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов «Чубук – даңазалуу шаар» деген баяндамасында Чубук 1402-жылы эки даңазалуу баатыр Беязет менен Амир Темир беттешкен жер экендиги, ал жер түрк элинин өнүгүп-өсүүсүнө зор салым кошуп жаткан, экономикасы өнүккөн, тарыхы бай жер экендиги, акак ташка байлыгы, ал жерде Вандан келген 50 түтүн кыргыз да камкордукта жашап жаткандыгы тууралуу сөз болду.

Манасчы Рысбай Исаков «Манас» эпосундагы биримдик темасы» аттуу баяндамасында Манас атабыз:

«Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама жыйнап журт кылдым.

Тели куш тапташ куш кылдым,

Тентиген жыйып журт кылдым»

- деп, биримдикти, ынтымакты бийик тутканы, канчалык күчкө толуп, эрдиги ашса да элди бөлүп жарбаганы, адилеттиктии, акыйкатты бекем кармаганы үчүн абройлуу хан болгондугу тууралуу сөз болду.

Уюштуруучулар симпозиум аяктагандан кийин конокторду Чубук аймагындагы тарыхый жерлер, миң жылдан ашык тарыхы бар мечиттер жана Чубуктун айылдары менен тааныштырышты.

Ал эми 9-октябрда Туркиянын Стамбул шаарында Манас атабыздын эстелиги менен таанышуу жүрүп, ал жерде да Рысбай Исаков «Манас» айтты. Манас атабыздын эстелиги абдан мыкты дизайн менен жасалгандыгын жана Стамбулдагы дарыя жээгиндеги абдан кооз жерден орун алгандыгын баса белгилеп кетүү керек. Ага жакын жерде «Мини Туркия» деп аталган парк орун алган, анда Туркиядагы тарыхый эстеликтердин кичирейтилген макети коюлган. Бул райондо коноктор, туристтер көп болот.

Андан кийин Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган атайын семинар Стамбул шаарынын Али Емири Ефенди маданият борборунда болуп өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоков катышты. Анда Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов «Манас” эпосунун сакталышындагы Сагымбай Орозбак уулунун ролу жана эпостун мектепте окутулушу», Тынчтыкбек Нурмамбетов «Сагымбай – улуу тарыхчы» деген баяндамалар менен чыгышты. Кыргыз Республикасынан барган манасчы Рысбай Исаковдун «Манас» айтуусу бул жерде да катышуучулардын жогорку кызыгуусун жаратты.

Семинарга Стамбул шаарындагы «Манас» эпосуна, аны айтуучуларга кызыккан жергиликтүү тургундар, окумуштуулар катышты.

Иш-чарага катышуу үчүн Стамбулга келген коноктор жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн сырткары «Түрк дүйнөсү» айылы (анда түрк тилдүү өлкөлөргө тиешелүү үйлөр бар), Византиядан Стамбул шаарын алуу тууралуу панорама, «Мини Туркия» паркы менен таанышышты.

Бул иш-чараларды да Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ уюштурду.

 

Кыргыз билим берүү академиясынын
вице-президенти
Алмазбек Токтомаметов

 

17.10.2017

 
Main page Contacts Search Contacts Search