mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня904
mod_vvisit_counterНеделя2415
mod_vvisit_counterМесяц11989
mod_vvisit_counterВсего746176

We have: 44 guests online
Ваш IP: 54.225.17.239
 , 
Сегодня: Июл 20, 2018
Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор С.О Байгазиевге Россиянын табигый билимдер академиясы К.Д.Ушинский атындагы медалды ыйгарды PDF Печать E-mail
17.10.2017 04:45

К.Ушинский атындагы медаль – профессор Советбек Байгазиевге

Россиянын табигый билимдер академиясы (окумуштуулардын, окутуучулардын жана адистердин эл аралык ассоциациясы) Россия Федерациясынын жана чет өлкөлөрдүн окумуштууларына педагогикалык илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү салымдары үчүн улуу педагог К.Д.Ушинский атындагы медалды ыйгарып келет. Россиялык академия аталган медалды 2017-жылда Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү педагог – Кыргыз Билим берүү академиясынын академиги Советбек Байгазиевге ыйгарды. К.Д.Ушинский медалы Россиянын «Ата Мекендик илимдин алтын фондусу» улуттук программасын жүзөгө ашыруу планынын алкагында «Европалык илимий-өнөр жайлык Концерциум» департаменти менен биргеликте уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты С.Байгазиев К.Д.Ушинский медалына билим берүүдөгү көп жылдык эмгеги жана соңку жылдарда жарык көргөн «Философия образования и воспитания», «Этика и этнопедагогика», «Гуманная педагогика», «Духовные, морально-этические и педагогические ценности великого эпоса «Манас», «Очерк истории просвещения в дореволюционной Киргизии» аттуу илимий-педагогикалык китептери үчүн татыктуу болду. Буга чейин С.Байгазиев Москвадагы Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору А.Мамытов К.Д.Ушинский медалын профессор С.Байгазиевге тапшырууда

 

 
Main page Contacts Search Contacts Search