mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня612
mod_vvisit_counterНеделя423
mod_vvisit_counterМесяц9968
mod_vvisit_counterВсего846796

We have: 17 guests online
Ваш IP: 54.167.112.42
 , 
Сегодня: Ноя 16, 2018
Окуу жөндөмүн өнүктүрүү боюнча «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча семинар-тренинг болуп өттү PDF Печать E-mail
30.10.2017 05:19

Бишкек шаарынын «АККЕМЕ» мейманканасынын жыйындар залында, 2017-жылдын 24-27-октябрында Окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча «Келгиле, окуйбуз!» долбоору 1-4-класстардын окуучуларынын базалык окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө карата семинар-тренинг болуп өттү.

Аталган долбоордун негизги максаты «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун иш-аракеттери, Билим берүү министрлиги менен биргеликте, билим берүү системасынын негизги компоненттерин бекемдөөгө басым жасалат. Мектеп администрацияларынын маанилүү ролун эске алып, мектеп директорлору, директордун орун басары, методисттер жана мектеп китепканачылар үчүн китеп окуу жаатында сапаттуу окуу программаны ишке ашыруунун жолдору жана учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору ар түрдүү окуу ресурстарды, окуучулардын жашөзгөчөлүгүнө ылайык кошумча окуу материлдарды мектептерге берет. Ошондой эле окуучулардын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө карата ата-энелер, коомчулук менен да тыгыз байланышта болот.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору негизинен:

  • 180 000 ден ашык мектеп окуучуну окууга үйрөтүүнүн мыкты методикасы менен окутууга;
  • 7 000 башталгыч класстардын мугалимдерин алдыӊкы эл аралыкта тажрыйбаларга таянуу менен окутууга;
  • 1 000 дей мектеп директорлордун, орун басарлардын, методисттердин жана мектеп китепканачыларынын кесиптик билимин жогорулаттууга басым жасоого;
  • Билим берүү системасындагы 400 тренерди улуттук тренер катары даярдайт.

Аталган долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги КР маданият маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен тыгыз байланышта болушат.

 
Main page Contacts Search Contacts Search