mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня477
mod_vvisit_counterНеделя497
mod_vvisit_counterМесяц17310
mod_vvisit_counterВсего647345

We have: 16 guests online
Ваш IP: 54.92.197.82
 , 
Сегодня: Фев 22, 2018
“Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү”- деген темада ХХVI Республикалык педагогикалык окуу болуп өттү. PDF Печать E-mail
09.11.2017 10:03

“Мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүүдө ыйман, адеп жана маданияттуулукка тарбиялоо”-деген темада өтүүчү секциянын катышуучулары иш тажрыйбаларынан алынган материалдар боюнча доклад жасашты.

Бишкек шаарынын №112 балдар бакчасынын кыргыз тили мугалими Сабитова Нургүл бөтөн тилди үйрөтүүдө балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана толеранттуулукка тарбиялоо боюнча иш тажрыйбасы менен тааныштырды. Мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунун мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүү кафедра башчысы Усенко Л.В. докладында эрте жаш курактан баштап толеранттуулукка тарбиялоо проблемаларына токтолуп, аны элдик оозеки чыгармалар аркылуу кандай турмушка ашыруу керектигине кызыктуу мисалдар менен токтолду.

Учурдагы, мектепке чейинки уюмдарда балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо проблемалары боюнча балдарды экинчи тилге үйрөтүүдө интерактивдүү ыкмалар аркылуу Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы руханий адептик салттар менен тааныштыруу деген кызыктуу билдирүүсү менен Бишкек шаарынын №37 балдар бакчасынын кыргыз тили мугалими Мейманова Э.Т. тажрыйба бөлүштүрдү.

Бишкек шаарынын №2 балдар бакчасынын директору А. Акималиева “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоодо улуттук каада-салттар менен тааныштыруунун максаты”-деген тема боюнча чыгып сүйлөп, ата-энелер, коомчулук менен балдарды улуттук каада-салттар аркылуу ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо боюнча биргелешкен иш чаралар жөнүндө кызыктуу билдирүү жасады. Сарыкова Аида -“Жаратылышка аяр мамиле жасайлы”, Тотоева Гүлнар- “Макал-лакаптар окуучуну адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялайт”, Айнагүл Шарипова - “Игровые технологии на уроках русского языка в начальных классах”- деген кызыктуу билдирүүлөрү менен чыгып сүйлөшүп, катышуучулардын суроолоруна мазмундуу жооп беришти. Баардык катышуучулар чыгып сүйлөгөн докладдарын мультимедиялык көрсөтүүлөр менен айкалыштырышып, иш тажрыйбасынан алынган кызыктуу мисалдар менен бекемдешти.

Секциянын жетекчиси:
К.С.Сейдекулова

 
Main page Contacts Search Contacts Search