mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня899
mod_vvisit_counterНеделя2415
mod_vvisit_counterМесяц11984
mod_vvisit_counterВсего746171

We have: 42 guests online
Ваш IP: 54.225.17.239
 , 
Сегодня: Июл 20, 2018
XXVI Республикалык педагогикалык окуулар өттү PDF Печать E-mail
10.11.2017 11:02

«2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Републикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы №1 жарлыгын ишке ашыруу максатында чыгармачыл мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтууну көздөгөн ХХVI Республикалык педагогикалык окуулар «Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү» аттуу темада 2-3-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы №5 А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын базасында өттү.

Республикалык педагогикалык окууларга республикабыздын бардык областарынан 100гө жакын жогорку окуу жайлардын илимпоздору, мугалимдер, тарбиячылар, директорлор, окуу-тарбия иштери боюнча директрлордун орун басарлары, билим берүү кызматкерлери катышты.

Педагогикалык окууларды Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Мамытов алып барды, ага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары С.К.Калдыбаев катышып, мугалимдерди куттуктады.

Пленардык кеңешмеде төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды:

1. Мектеп билиминин мазмундук жаңыланышы: Базистик окуу план жана предметтик стандарттар.

Мамытов Абакир Мамытович – Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика             илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти.

2. Мектептеги класстык сааттарда жаш муундарды этнобаалулуктардын негизинде тарбиялоо концепциясы.

Байгазиев Советбек Орозканович – Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология    илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын Технология, искусство жана дене маданияты тармагынын маселелери лабораториясынын башкы илимий кызматкери.

3. Кыргыз элдик педагогикасындагы адеп тарбиясы.

Алимбеков Акматали – педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Түрк «Манас»       университетинин Гуманитардык факультетинин Педагогика кафедрасынын башчысы.

4. Класстык сааттарда жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка тарбиялоо көйгөйлөрү.

Жоодатова Нургул Болотбековна – Калыгул Бай уулу атындагы №7 орто мектептин мугалими, Балыкчы шаары.

Педагогикалык окууларда төмөндөгүдөй 5 секция иштеди.

1-cекция: Мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүүдө ыйман, адеп жана маданияттуулукка тарбиялоо.

Воспитание нравственности и культуре поведения в процессе дошкольного и начального школьного образования.

2-cекция: Тил жана адабият сабактарында окуучуларды адептик-ыймандык маданиятка үйрөтүү проблемалары.

Проблемы культурно-нравственного воспитания учащихся на уроках языка и литературы.

3-cекция: Табигый-математикалык предметтерди окутууда ыймандуулукка жана маданияттуулукка тарбиялоо.

Воспитание нраственности и культуре на уроках естественно-математических предметов.

4-секция: Жалпы билим берүүчү мектептерде адептүү, ыймандуу, маданияттуу инсанды тарбиялоонун жана баалоонун маселелери.

Вопросы воспитания нраственноcти и культуре в ощбеобразовательных школах и проблемы оценивания.

5-cекция: Кесиптик билим берүүдө ыймандуулукка жана маданияттуулукка тарбиялоо.

Воспитание нраственности и культуре в профессиональном образовании.

Секциялык отурумдарда педагогикалык окуулардын катышуучулары бүгүнкү шарттардагы таалим-тарбиянын абалын, курч проблемаларын, көйгөйлүү жагдайларын, максаттарын, мазмунун жана технологиясын олуттуу түрдө талкууга алышты жана алар иштиктүү сунуш-пикирлерди беришти.

Программага кирген 93 баяндамадан 71 баяндама угулду.

Аймактар боюнча:

  • Ош областы – 2;
  • Баткен областы – 2;
  • Ысык-Көл областы – 15;
  • Чүй областы – 1;
  • Бишкек шаары – 7;
  • Жалал-Абад областы – 5;
  • Нарын областы – 2;
  • Талас областы – 3;
Баардыгы – 37.

Жогорку окуу жайлар:
  • Баткен мамлекеттик университети – 1;
  • Бишкек Гуманитардык университети – 1;
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети – 1;
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1;
  • Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети – 1;
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2;
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети – 2;
  • Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту – 1;
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия – 1;
Баардыгы – 11.

Кыргыз билим берүү академиясы – 23.

Жалпы катышуучулардын ичинен:
  • педагогика илимдеринин доктору - 7,
  • педагогика илимдеринин кандидаты – 14.

 

  • Аймактардан келип катышкандар – 37.
  • КББАдан жана ЖОЖдордон – 34.

Педагогикалык окуулардын тематикасына төп келген, бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемаларын чагылдырган, мыкты баяндамалар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин I-II-III даражадагы дипломдоруна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төш белгилерине, ардак грамоталарына, китептерине, Кыргыз билим берүү академиясынын дипломдоруна, ардак грамоталарына, ыраазычылык каттарына, Эне тил коомунун грамоталарына ээ болушту.

Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин I даражадагы диплому менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Тоотаева Г.К. Кара-Суу району, №58 “Ак Буура” орто мектеби
2 Бегалиева Т.. Алай району, К.Султанов атындагы мектеп
3 Абдухамидова Р. Лейлек району, В.И.Ленин атындагы мектеп
4 Калпакбаев М.К. Кара Көл шаары, Токтогул атындагы №1 мектеп
5 Алдаяров Т. Бишкек шаары, №68 А.Осмонов ат.гимназия мектеби
6 Тороев Ы.Т. Кызыл-Кыя шаары, Баткен универ. аймактык институтунун мугалими

Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин II даражадагы диплому менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Шарипова А. Лейлек району, Ленин атындагы орто мектеп
2 Торгоева З. Балыкчы шаары, №7 орто мектеп
3 Бердимуратова Г. Кара-Көл шаары, М.Фрунзе ат.орто мектеп
4 Бруг.Л.П. Бишкек ш. Б.Бейшеналиева ат. институт
5 Турсунова А.Т. Балыкчы шаары, №6 С.Каралаев атындагы орто мектеп
6 Цветкова Н.К. Балыкчы шаары, №3 орто мектеп

Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин III даражадагы диплому менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Сарыкова А. Тоң району, М.Жумаев атындагы орто мектеп
2 Буйлякеева Р.. Бишкек ш. №13 гимназия мектеби
3 Сыдыкова Г. Тоң району, Т.Мырзакматов ат.орто мектеп
4 Акматов Д.А. Кыргыз билим берүү академиясы (КББА)
5 Айтиева В.Ж. Балыкчы шаары №10 мектеп
6 Шафигулина З. Кара-Кол шаары, №2 гимназия мектеби

Кыргыз Билим берүү академиясынын дипломдору менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Жоодатова Н.Б. Балыкчы шаары, №7 Калыгул Бай уулу ат. мектеп
2 Саалаев Ө. Бишкек ш. №5 А.Молдокулов атындагы Улуттук комьютердик гимназия
3 Асанбекова Н.А. Бишкек ш. Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын адиси
4 Калеев У. КББА
5 Козубаева Б. КББА
6 Алымбаева Б.Б. КББА


Кыргыз Билим берүү академиясынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Усенко Л.В. Педагогикалык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту;
2 Казиева Г. И.Арабаев атындагы университет
3 Дөөлөталиева А. Ж.Баласагын атындагы улуттук университет
4 Субанова М КББА
5 Карагозуева Г. КББА

Кыргыз Билим берүү академиясынын Ыраазычылык каты менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Курманалиева Б. КББА
2 Куйкеева К.. КББА
3 Надырбаева К.Ө.. Жалал-Абад шаары, №14 С.Давлетов мектеби
4 Үсөналиев Т. Кыргыз-түрк «Манас» университети
5 Мукашева С.М. Тоң району, А.Салиев атындагы орто мектеп

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Төш белгиси менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Калыкова Г. Нарын шаары, №5 орто мектеп
2 Даербекова А. Тоң району, А.С. Пушкин атындагы орто мектеп

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамоталары менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Акималиева Г.Ш. Бишкек шаары, №2 бала бакча
2 Сөлпүбашева А. КББА
3 Рысбаева Б. КББА
4 Кошоманова Р.. Талас району, М.Козубекова атындагы мектеп
5 Аманова Г. КББА

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын китептери менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Мурзалиева З.К. КББА
2 Жакшылыкова К. КББА
3 Жоодатова Н.Б.. Балыкчы ш. №7 орто мектеп
4 Буртовая С.М.. ББишкек шаары, №13 гимназия мектеби
5 Арпачиева Л. Балыкчы шаары, №4 орто мектеп
6 Алыканова А.Ш. Жайыл району, Новониколаевка орто мектеби

«Эне тил» коомунун Ардак грамотасы менен сыйлангандар

Аты жөнү Дареги
1 Сабитова Ө. Бишкек шаары, №112 бала бакча
2 Мейманова Э.. Бишкек шаары, №37 бала бакча
3 Жээналиева Ж. Тогуз-торо району, А.Абдраимов ат.орто мектеп
4 Жумагулова Н. Кочкор району, И Арабаев ат.орто мектеп
5 Жумабаева Г. КББА
6 Чоюбекова Н.К.. Кара-Буура району, Б.Шамратбеков ат.орто мектеп
7 Узакова Б.Ч. Балыкчы шаары, №1 орто мектеп
8 Какеева Н.У Балыкчы шаары, №2 орто мектеп
9 Кулукеева Б.Т Бакай Ата, Үрмарал орто мектеби
10 Супатаева Э.А. КББА

Конференциянын жүрүшү төмөнкү сүрөттөрдө

 
Main page Contacts Search Contacts Search