mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня193
mod_vvisit_counterНеделя717
mod_vvisit_counterМесяц8346
mod_vvisit_counterВсего845174

We have: 28 guests, 2 bots online
Ваш IP: 54.163.22.209
 , 
Сегодня: Ноя 14, 2018
Кыргыз Республикасында орто мөөнөттүү келечекте мектептик билим берүүнүн мазмунун реформалоого талкуу болду PDF Печать E-mail
24.11.2017 04:12

2017-жылдын 23-ноябрында Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) жыйындар залында КББАнын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамытов Абакир Мамытович «Кыргыз Республикасында орто мөөнөттүү келечекте мектептик билим берүүнүн мазмунун реформалоонун негизги багыттары» аттуу темада баяндама жасады.

Баяндамада мектептик билим берүүнүн мазмунун орто мөөнөттүү келечекте реформалоо баскычтары, Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик билим берүү стандартын жана Жалпы мектептик билим берүүнүн базистик окуу планын концептуалдуу негизде жаңылоо, билим берүү жаатындагы жана эл аралык баалоолордо мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн алдыңкы 10 өлкөнүн тажрыйбасын эске алуу, Туруктуу өнүгүүнүн негиздеринин №4 максатына таянуу маселелери кеңири талкууланды. Билим берүүнүн мазмунун оптимизациялоо, профилдик билим берүүгө өтүү жана ЮНЕСКО нун талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн мазмунун гармонизациялоо, бүтүрүүчүнүн жаңы модели, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо алгоритми жана баалана турган билим берүү чөйрөлөрү маселелери жандуу талкуу жаратты.

Аталган иш-чаралардын жүзөгө ашуусу мектептик билим берүүнүн мазмунун сапаттык жаңы деңгээлге көтөрмөкчү.

Баяндаманын презентациясы тиркелет.

Кыргыз Республикасында орто мөөнөттүү келечекте мектептик билим берүүнүн мазмунун реформалоо

 

 

Кыргыз билим берүү академиясынын

вице-президенти: Алмазбек Токтомаметов

 
Main page Contacts Search Contacts Search