mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня405
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц17841
mod_vvisit_counterВсего711561

We have: 51 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.166.172.180
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
«Айкөл Манастын адеп-ахлак кодексине» арналган окурмандар конференциясы. PDF Печать E-mail
12.04.2018 04:03

Белгилүү Манастаанучуу, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, професор Советбек Байгазиев түзгөн, жазган “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” китеби окурмандардын кызыгуусун жаратып, окуу жайларында талкуулардын предмети болуп, жакшы бааларды алууда. Бул китепке коомдук телерадио корпорациясынын “Улутман” телеберүүсүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” чыгып жаткан көп китептердин ичинен кескин айырмаланган олуттуу эмгек экенин белгилеп, өзүнүн оң баасын берди.

Жакында И. Арабаев атындагы университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда аталган китепке арналган окурмандардын конференциясы болуп өттү. Семинар-тегерек үстөлдөр мындан мурда Бишкек Гуманитардык университетинде, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда болуп өткөн. Конференцияга университеттин жана институттун жетекчилигинин өкүлдөрү, окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышып, доцент-профессорлор Р. Сыдыкова, Д. Саалиева, С.Дүйшөмбиев, студенттер Ч.Кубаталиева, Мунарбек уулу Болот, М.Абдывалиевалар “Айкөл Манастын адеп-ахлак, кодексине” арналагн мазмундуу докладдарды жасашты. Конференцияда университеттин илимий иштер боюнча проректору, прфессор Э.Каныметов, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, доцент А.Дүйшөнбиева, филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева чыгып сүйлөштү. Окутуучулардын жана студенттердин докладдарында, чыгып сүйлөгөн ораторлордун сөздөрүндө “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” калайык –калктын бардык катмарларына карата улуттук баалуулуктардын багытын көрсөткөн, тарбиялык потенциалы мол эмгек катары жогору бааланды. Бул китептеги 24 эреже-жобо үй-бүлөдөн тартып, мамлекеттик кызматкерге чейин патриоттук тарбия маягы болуп кызмат кыларлыгы белгиленди.

Конференция өзүнүн резолюциясын кабыл алды. Резолюцияда Кыргыз элинин улуттук турмушунун пайдубалында жана Манас атанын моралдык-этикалык жүрүм-турумунун негизинде жаткан көөнөрбөс, уңгулуу баалуулуктарды, жол-жоболорду, принциптерди “Манастын” ичинен алып чыгып, системалаштырып, кыска, нуска талдоолор, чечмелөөлөр, мисалдар менен коштоп, элге тартуулаган бул китепти көп нускада чыгарып, калайык-журтка, маданият жана билим берүү системасына кеңири жайылтуу маселеси сунушталды.

 

Элмира Сабитова
И.Арабаев атындагы Кыргыз
мамлекеттик университетинин доценти,
конференциянын катышуучусу.

 
Main page Contacts Search Contacts Search