mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня252
mod_vvisit_counterНеделя717
mod_vvisit_counterМесяц8405
mod_vvisit_counterВсего845233

We have: 86 guests online
Ваш IP: 54.163.22.209
 , 
Сегодня: Ноя 14, 2018
2018-жылдын 27-28-апрелде Баткен областына караштуу Кулунду айылында “Достук-2018” II Эл аралык балдар музыка жана театр фестивалы болуп өттү PDF Печать E-mail
03.05.2018 04:11

2018-жылдын 27-28-апрелде Баткен областына караштуу Кулунду айылында “Достук-2018” II Эл аралык балдар музыка жана театр фестивалы болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, КР Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 90-жылдыгына жана Лейлек районунун 90-жылдыгына арналды.

Фестиваль уюштуруучулары - Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Лейлек районунун өкмөтү жана “Устат шакирт” салттуу музыка борбору болду.

2018-жыл. 27-апрель.

Фестиваль Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айылынын борбордук аянтында жана Ленин атындагы гимназия-мектебинде өттү. Фестивалга Кыргызстан жана Тажикстан маданият ишкерлери, жалпы билим берүүчү орто мектептердин Музыка, Көркөм өнөр предметтеринин мугалимдери менен окуучулары жана Балдардын искусство мектептеринин окуучуулары жана алардын ата-энелери, Баткен, Исфана шаарларынын, Кулунду, Кара-Булак, Интернационал, Максат айылдарынын тургундары катышышты.

Баткен областы коңшу Тажикстан мамлекети менен Эл аралык маданий диалог катары болгон фестиваль үчүн өтө ыңгайлуу жайгашкан. Фестивалга Таджикстандын “Хунар” борборунун жана Расулов шаарынын Балдардын искусство мектебинин жаш таланттары катышышты. Бишкек, Ош, Баткен, Дүйшөнбү, Канибадам жана Худжанд шаарларынан белгилүү музыкант, сүрөтчү, артист, окумуштуулар катышышты.

Фестивалдын максаты - эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, салттуу жана заманбап искусствонун каражаттары аркылуу өспүрүмдөргө музыкалык, көркөм-эстетикалык тарбия берүү аркылуу жаш муундардын тарыхый байланышын сактоо болду.

Фестивалдын конңерттик программасында Баткен областынын мектеп окуучуларынын комузчу жана темир-комузчулар ансамблдери жана “Умтул” Тармактык мектеп театрынын жаш актерлору катышты. Алар, Ч. Айтматовдун чыгармаларынынын негизинде оюндарды көрсөтүштү.Андан тышкары, Кулунду жергесинин түптөлүшү жөнүндөгү спектаклдын бет ачары, жергиликтүү таланттардын өнөрү, элдик кийим флешмобу, кол өнөрчүлүк, мектеп окуучуларынын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү жана салттуу оюндар көрсөтүлдү.

2018-жыл. 28-апрель.

Бул күнү Кыргызстандын жана чет мамлекетттик эксперттердин катышуусунда Ленин атындагы гимназия-мектебинде “Заманбап билим берүү технологиясынын салттуу баалуулуктарды сактоодогу орду” аттуу темада Кереге-кеңеш болуп өттү. Кереге-кеңештеги талкууларга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) улук илимий кызматкери, музыка таануучу Жумабек Дуйшеналиев,“Хунор” салттык музыка ансамблинин жетекчиси, искуссство таануу илимдеринин кандидаты, профессор Султонали Худойбердиев (Тажикстан), белгилүү кинорежиссер, аниматор Бахтияёр Кахаров (Тажикстан),Баткен, Ош университеттеринин, дипломатиялык миссиялардын, мектеп жетекчилери жана Кыргызстан менен Тажикстандын белгилүү маданият, искусство ишкерлери катышышты.

Кереге-кеңеште КББАнын улук илимий кызматкери, музыка таануучу Жумабек Дуйшеналиев “Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде Музыка предметинин орду жана келечеги” аттуу темада доклад окуду. Кереге-кеңеште докладтын негизинде Музыка жана Көркөм өнөр предметтеринин стандарттары, программалары, окуу китептери, методикалык колдонмолору тууралуу кызыктуу талкуулар болду. Кереге-кеңештин жыйынтыгында бирдиктүү Резалюция кабыл алынды.

Фестивалдын кызматташтары - Ага Хан музыкалык демилгеси/Ага Хан маданият Корунун Программасы, Кыргызстандагы Швейцария элчилиги, Кристенсен Фонду болду.

 

Технология, искусство жана
дене маданияты тармактарынын маселелери
лабораториясынын улук илимий кызматкери,
музыка таануучу Дуйшеналиев Ж. C.

 
Main page Contacts Search Contacts Search