mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня400
mod_vvisit_counterНеделя593
mod_vvisit_counterМесяц17836
mod_vvisit_counterВсего711556

We have: 50 guests, 1 bots online
Ваш IP: 54.166.172.180
 , 
Сегодня: Май 27, 2018
2018-жылдын 14-майында Кыргыз билим берүү академиясынын жыйындар залында “Kahoot” тиркемеси аркылуу онлайн режиминде иштөөнүн презентациясы болду PDF Печать E-mail
15.05.2018 11:19

Маалыматтык-инновациялык иштер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Тулалиева Айнура Жанышовна “Kahoot” тиркемеси аркылуу онлайн режиминде иштөөнү презентациялады. Жыйынга КББАнын кызматкерлери катышты.

“Kahoot” тиркемеси менен иштөөдө компьютер, ноутбук (интернетке туташтырылган), проектор, доска, катышуучулардын уюлдук телефону (интернетке туташтырылган) колдонулат, - деп лектор көрсөтмө берди.

“Kahoot” тиркемесинин жардамы менен интернетке туташтырылган компьютер жана уюлдук телефондор аркылуу (мектептерге, университеттерге, иш чараны өткөргөндөргө, бизнесмендерге, коомдук кызматкерлерге) онлайн-дискуссияны, онлайн – викториналарды, экспресс сурамжылоолорду жүргүзсө болоорун белгиледи.

Ошондой эле онлайн иш чараларын аудиторияда уюштуруунун эрежелерин практикадан көрсөттү.

Алар төмөндөгүлөр:

  • Уюштуруучу жана катышуучу каттодон "kahoot.com" сайты аркылуу өтөт;
  • Уюштуруучу (мугалим) суроолорду алдын ала даярдайт;
  • Аудиторияда, уюштуруучу онлайн сурамжылоосун компьютерден көрсөтөт;
  • Экранда катышуучулар үчүн пин код чыгат;
  • Катышуучулар уюлдук телефондору аркылуу kahoot.it сайтына кирет;
  • Экрандагы кодду терүү;
  • Катышуучулардын логиндери экранга чыгат;
  • Катышуучулардын жыйынтыктары экрандан көрсөтүлөт;

“Kahoot” тиркемеси аркылуу онлайн режиминде иштөө боюнча презентациядан соң, кызматкерлер арасында ой бөлүшүүлөр болду. Лектор баардык суроолорго жооп берди.

 

“Маалыматтык – инновациялык
иштер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Тулалиева Айнура Жанышовна

 
Main page Contacts Search Contacts Search