mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня69
mod_vvisit_counterНеделя423
mod_vvisit_counterМесяц9425
mod_vvisit_counterВсего846253

We have: 70 guests online
Ваш IP: 54.82.73.21
 , 
Сегодня: Ноя 16, 2018
Объявления PDF Печать E-mail
07.09.2018 04:56

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

2018-2019-окуу жылына бюджеттик жана контракттык негизде төмөнкү адистиктер боюнча аспирантурага кабыл алууну жарыялайт:

  • жалпы педагогика , педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
  • окутуу менен тарбиялоонун теориясы жана методикасы (окуу предметтери боюнча);
  • дене тарбия, спорттук машыгуу, ден соолукту чыңдоочу жана адаптациялоочу дене тарбиянын теориясы жана методикасы;
  • кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы.

Окуу күндүзгү жана сырттан окуу түрүндө жүргүзүлөт.

Аспирантуранын окуу мөөнөтү өндүрүштөн ажыратылып - 3 жыл, өндүрүштөн ажыратылбай – 4 жыл.

Аспирантурага кирүү үчүн төмөндөгүдөй экзамендер тапшырылат:

  1. Тандап алган адистиги боюнча.
  2. Философия.
  3. Англис, немец тилдери.
  4. Мамлекеттик тил.

Кирүү экзамендери 2018-жылдын 1-ноябрынан 30 ноябрына чейин жүргүзүлөт. Документтер 2018-жылдын 1-октябрынан 31-октябрына чейин кабыл алынат

Керектүү документтер:

  1. Кыргыз билим берүү академиясынын президентинин наамына арыз.
  2. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык кубөлөндүрүү менен).
  3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (күбөлөндүрүү менен, 2 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык стаж).
  4. Быйылкы 2017-2018- окуу жылы жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүрүүчүлөр окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин чечими менен тапшырышат.
  5. Өздүк баракча, сүрөтү менен.
  6. Өмүр баян.
  7. Реферат.
  8. Илимий эмгектердин тизмеси.

Кыргыз билим берүү академиясы.

Дареги: 720040, Эркиндик бульвары, 25. Аспирантура бөлүмү, 22- бөлмө.

Телефон: 621439,электрондук почта: КАО Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

 
Main page Contacts Search Contacts Search