mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня60
mod_vvisit_counterНеделя423
mod_vvisit_counterМесяц9416
mod_vvisit_counterВсего846244

We have: 62 guests online
Ваш IP: 54.82.73.21
 , 
Сегодня: Ноя 16, 2018
“Эне тил жана Айтматов” PDF Печать E-mail
09.10.2018 11:45

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Мамлекеттик тилдин үч айлыгы Бишкек жана Ош шаарында, областтык жана райондук мамлекеттик администрацияларда, билим берүү мекемелеринде, ишкана, уюм жана мекемелерде өткөрүлөрү белгиленген.

Кыргыз билим берүү академиясында “Эне тил жана Айтматов” темасын камтыган дубал газеталар чыгарылды. Анда эне тилибиз кыргыз тили улуттук баа жеткис зор байлыгыбыз, улуттук руханий куралыбыз экендиги, кыргыз тили "Манас" баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жараткан улуу тил экендиги даңазаланды.

Ошондой эле залкар жазуучубуз, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кыргыз илиминде, кыргыз киносунда алган орду тууралуу “Дүйнө эли кыргыз десе, Чыңгызды, Чыңгыз десе кыргызды тааныган” деген темада дубал газетада баяндалды.

Аталган үч айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси жана Ардак грамотасы менен Кыргыз билим берүү академиясынын төмөнкү кызматкерлери сыйланды:

  1. Улуу Токтомаметов Алмазбек Даткабекович – п.и.к., ж.и.к., КББАнын вице-президенти
  2. Сейдекулова Гүлсүн Сейдекуловна – п.и.к., доцент, лаборатория башчысы
  3. Улуу Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна – п.и.к., ж.и.к., лаборатория башчысы
  4. Дүйшөналиев Жумабек Сапаралиевич – ага илимий кызматкер

Ал эми Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:

  1. Иманкулов Муратбек Калматович – п.и.к., доцент, лаборатория башчысы
  2. Сөлпүбашева Аскербүбү Ырысалиевна – ага илимий кызматкер

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен Тагаева Гүлмира Сарыгуловна, ал эми Ардак грамота менен Алмурзаева Саадат Акматбековна жана Баимбетова Нурила Козубаевна сыйланды.

Сыйлыгыныздар кут болсун, урматтуу кесиптештер!

 
Main page Contacts Search Contacts Search